Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 16.05.2019 18:13 Жаңыланды: 16.05.2019 19:00 На русском

Жети-Өгүздө 8-класстын окуучусу көз жарды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 8-класстагы окуучу кыз көз жарды.

Жети-Өгүз райондук прокуратурасынын маалыматына караганда, 2004-жылы туулган өспүрүм кыз 5-майда Каракол шаарында көз жарган. 8-класстын окуучусу 2018-жылдын декабрь айынан бери мектепке барбай калган. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү. Учурда атайын топ тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат.

Ал эми Жети-Өгүз райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаеванын айтымында, кыз төрөт үйүнөн чыгар күнү аларга билдирүү түшкөн.

«Ошол замат үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү айыл өкмөттүн өкүлдөрү менен бирге барып, баланы коргоо планын түзүшкөн. Ага ылайык өспүрүмгө медициналык, укуктук, социалдык, психологиялык жардам берилет.

Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылды. Учурда тергөө иштери башталды. Шектүү катары 1999-жылы туулган кошунасы суракка чакырылды. Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү өспүрүм кыздын кызыкчылыгын коргоо максатында бардык иштерге катышууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×