Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусуАраван району 16.05.2019 17:56

«Мөңгүнү ким ээритет?»: Араванда дыйкандар сугат суунун жетишсиздигине нааразы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 15-май күнү Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн 500дөй тургуну сугат суунун жетишсиз болуп жатканына нааразы болуп чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Тагдыр Жороев аймактык кабарчыга билдирди.

Ал быйыл сугат суусу аз берилип жатканын айтты.

«Биз эгинди эгип койдук, жер кургап калды. Быйыл суу аз берилип, жетпей жатат. Саат-сааты менен сугарсак дагы суу талашып жатабыз. Толук маалымат бербей жатышат», - дейт Тагдыр Жороев.

Ал эми Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Санжар Абдуллаев Найман суу сактагычында суунун көлөмү аз экенин билдирди.

«10-май күнү Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө жыйын болуп, ага облустагы суу чарба башкармалыгы, Ноокат районунун жетекчилери келип, суу маселеси талкууланган. Былтыр секундасына 5 куб суу берилсе, быйыл суу азайган үчүн секундасына 2,5 куб берилүүдө. Найман суу сактагычына Чили дарыясынын суусу куят. Күн ысып, мөңгүлөр ээрип, суу көбөйгөнчө суу сактагычтагы суу жетпейт. Чили дарыясынын суусунан Ноокат районунун дыйкандары пайдаланышат. Алардан ашканы Найман суу сактагычына куят. Дыйкандарды деле түшүнүп жатам, өзүмдүн дагы эгиним бар. Бирок мөңгүнү өкмөт ээрите албайт да, аны дыйкандар түшүнбөй жатышат», - дейт Санжар Абдуллаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×