Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуМосква району 16.05.2019 17:50

Чоң -Арыктын 10-20 жылдык бүтүрүүчүлөрү айылына кандай белек даярдашууда?

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык айылынын 10-20 жылдык бүтүрүүчүлөрү тарабынан айылды көрктөндүрүү, айылдын спорт комплексине стандарттык эмес жабдууларды орнотуу, ичине ажаткана куруу жана мечиттин айланасын зым торлор менен тосуу жумуштары жүргүзүлүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.

«Болжол менен эсептегенде 10 жылдык бүтүрүүчүлөр 35 миң сом, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр 40 миң сом өлчөмүндөгү каражат жумшап жатат. Улуу орозо күнүндө мечиттин айланасын тосконубузга аксакалдар ак батасын беришүүдө. Мындай демилгени соопчулук, эр жигиттин өз элине болгон атуулдук парзы катары түшүнөбүз.

Биздин айылдык жаштар башкаларга үлгү боло алат десек жаңылышпайбыз. Дайыма жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл аксакалдарынын жана агай-эжелерибиздин кеңештерин эске алуу менен кичи мекенибиздин инфратүзүмүн жакшыртууну максат кылып келебиз. Албетте, мындай саамалык жаш муундарга сабак болот. Өз каражатыбыздан акча топтоп, бул ишти колго алдык», - деди айыл жаштары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×