Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ысык-Көл облусуТоң району 16.05.2019 17:35

УКМКнын 9-кызматынын мурунку башчысы Д.Мусакеевдин жердештери тынчтык митингге чыгышты (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 16-майда Тоң районунун Бөкөнбаев айылында тынчтык митинги болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири — «Акыйкат үчүн күрөшүү» кыймылынын төрагасы Айбек Жаныбаев билдирди.

Анын айтымында, тынчтык митингге чыккандар 2 маселени көтөрүштү.

«Биринчиси — УКМКнын 9-кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеевди колдоо, экинчиси — Балыкчы— Бөкөнбаев—Каракол жолунун курулушун жандантуу.

Тынчтык митинг саат 12:00дө башталып, саат 14:00дө аяктады. Митингге Тоң районунун айылдарынан болжол менен 200 адам чогулду. Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев, КСДП партиясынын Ысык-Көл облусу боюнча координатору Рита Борбукеева да катышты.

Митинг тынч өтүп, эч кандай тартип бузуулар болгон жок», - деди ал.

Буга чейин маалымдалгандай, 8-майда Башкы прокуратура тарабынан УКМКнын 9-кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеевге карата мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтарга таянуу менен: «Мүлктөрдүн көпчүлүгү чындыгында 2010-2017-жылдары алынып, Д.Мусакеевдин жакын адамдарына (атасы, апасы жана аталаш тууганы) катталган. Алардын базардагы баасы 20 млн сомдон ашат», - деген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×