Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Нарын облусуАт-Башы району 16.05.2019 17:21 На русском

Ат-Башыда 9-майда кафеге чакырылып, бирок баштык албай кеткен жесирлер нааразы болушууда

Turmush -  Ат-Башы районунда 9-майда Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, айыл өкмөттөр тарабынан райондогу кафелердин биринде сый тамак уюштурулду. Бирок ага чакырылган согуш ардагерлеринин жубайлары нааразы болуп кетишкен.

Жамал Бекбогулова — согуш ардагери Белек Исмаиловдун байбичеси. Белек Исмаилов 1924-жылы Ак-Муз айылында төрөлгөн. 16 жашында согушка кетип, 5 жылдан кийин мекенине кайтып келген. Ал 1989-жылы каза болгон.

«Жолдошумдун каза болгонуна 30 жыл болду. 5 бала, 8 небере, 1 чөбөрөсү бар. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгында 10 миң сом сыйлык алгам. Андан кийинки жылдардан бери эч кандай сыйлык көрө элекмин. Быйыл сый тамакка чакырышты, ошого да ырахмат. Бирок ошол жердеги ардагерлерге акчалай сыйлык, белектерди, пакеттерди берип жатышты. А, бизге эч нерсе берилген жок. Мен ошого аябай нааразымын. Сыналгыдан ардагерлердин үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлөт деп айтылып жатат. Башка жерлерде жесирлерге көңүл буруп жатышат. Компенсация деп 1000 сом алабыз. Бирок ал эч нерсеге жетпейт. Нааразычылык боюнча министрге кат жазгам, бирок жооп келген жок», - деди ал.

Эрке Чодиева — согуш ардагери Бейшебай Борбековдун байбичеси. Бейшебай Борбеков 1925-жылы туулган. 17 жашында согушка кетип, 1945-жылы кайтып келген. 2006-жылы каза болгон.

«10 балабыз бар. Бир мекемеде иштеп жүрүп каза болду. 2006-жылы абышкам кайтыш болгондон кийин жардамдар болуп жатты.

Азыр болсо оорукчан болуп калдым. Муун оорусу менен жабыркайм. Балдарым болгон жерге алып барып, кымбат дарыларды алып берип дарылап жатышат. Өкмөт ардагерлердин үй-бүлөсүнө ушундайда жардам бериши керек. Өткөндө сый тамактан кийин бизге көңүл бурган адам болгон жок. Баарына баштык берип, бизге бербей коюшту. Мен нааразымын», - деди ал.

Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дюшеналиева каза болгон ардагерлердин байбичелери чакырылбагандыгын билдирди.

«Тылда иштеген ардагерлер, тактап айтканда каалоочулар өздөрү эле келишет. Ардагерлерден болгону төртөө гана бар, алар атайын чакырылды. Андан башка Советтер союзунун баатыры Д.Асановдун жубайы Рая Орозобекованы чакырганбыз. Бирок келе албай калды. Белегин берип жибердик. Каза болгондордун байбичелери чакырылат деген сөз жок болчу. Алар чакырылган эмес. Мага эч ким каза болгон ардагердин кемпиримин деп келген жок. Өңүнөн баарын тааныбайм да. Сый тамакты болсо ардагерлери бар айыл өкмөттөр уюштурушту. Биз 6 адамга 1200 сомдон бердик, андан сырткары жеке компаниялар, демөөрчүлөр өз белектерин, азык-түлүктөрүн берип кетишти. Облустук администрациядан 4 ардагерге 5000 сомдон тапшырылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×