Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусуӨзгөн району 16.05.2019 17:15

Видео — Өзгөндө тай бокс боюнча алтын курдун ээси Н.Камиловду салтанаттуу тосуп алышты

Спортчуну салтанаттуу тосуп алуу учуру
Спортчуну салтанаттуу тосуп алуу учуру

Turmush -  Бүгүн, 16-май күнү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациянын алдында тай бокс боюнча 66 кг салмакта дүйнөлүк мелдеште алтын кур тагынган 24 жаштагы Нургазы Камиловду салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу спортчу өзү аймактык кабарчыга билдирди.

Салтанаттуу тосуп алуу аземине спортчунун жакындары жана Өзгөн районунун акими Бактыбек Айылчиев катышкан.

Нургазы Камиловдун айтымында, тай бокс боюнча «К1 Grand Prix» дүйнөлүк мелдеши 9-апрелде Кытайдын Гонконг шаарында өткөн. Ага 16 мамлекеттин спортчусу катышкан. Н.Камилов 66 кг салмакта 2 беттеш өткөрүп, жарым финалда франциялык спортчу менен беттешсе, финалда бельгиялык спортчуну жеңди. Жыйынтыгында алтын курдун ээси болгон. Салтанаттуу тосуп алуу аземинде Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы жана Кароол айыл өкмөтү тарабынан спортчуга ардак грамота ыйгарылды.

Тай бокс боюнча алтын курдун ээси Нургазы Камилов Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Мырза-Арык айылынын тургуну.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×