Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.05.2019 17:08

Жалал-Абадда өспүрүмдөрдүн «Келечек» республикалык спартакиадасы башталды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөр арасындагы «Келечек» республикалык спартакиадасы башталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ачылыш аземге ЖКнын депутат Максат Эгембердиев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Ислам Масабиров баштаган бийлик өкүлдөрү катышып, өспүрүмдөргө ийгиликтерди каалашты. Мында окуучулар олимпиадалык оюндардын түрүнө кирген спорттун 10 түрү боюнча күч сынашат.

«Бул спартакиаданы биринчи болуп Жалал-Абад облусу баштап берди. 15-майда оюндун расмий ачылышы болуп, оюнчулар өлкөнүн 7 облусунан, Ош жана Бишкек шаарларынан да катышып жатышат. Азыркы тапта жалпы 1400дөй катышуучу бар, алар волейбол, баскетбол, футбол, жеңил атлетика, оор атлетика, дзюдо, грек-рим жана эркин күрөш боюнча күч сынашат», - деп билдирди Жалал-Абад облустук олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директорунун орун басары Айбек Ешимбетов.

Спартакиада 20-майга чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×