Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Талас облусуТалас району 16.05.2019 17:46

Айыл турмушу: Таластык Г.Кулешованын үйүнө келгендер гүлзарда жүргөндөй болушат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылынын 45 жаштагы тургуну Гүлира Кулешова үйүндө ар кандай гүлдөрдү өстүрүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Калба айылынын кызы. Кесиби боюнча медайым.

«1993-жылы Көк-Кашат айылына келин болуп келгем. Кайын энем кесиби боюнча мугалим эле. Менин гүлгө болгон кызыгуума апам түрткү болгон. 1990-жылдардан баштап биздин үйдүн алды өзүнчө эле гүлзар болуп турчу экен. Мен эшигимдин алды дайыма гүлдөп турушун каалайм. Ошондуктан аларды гүлдөө убактысына карап, ордун таап отургузам. Сыртта өскөн гүлдөр эшиктин алдына көрк берет. Келген коноктор дагы өстүргөн гүлдөрүмдү көрүп суктанып калышат.

Үйдө бөлмө гүлдөрүн дагы өстүрөм. Үйдүн ичинде гүлдүн 30дан ашуун түрү бар. Аларды убакыт-сааты менен карап, суу берип турам. Ал эми топурактарын токойдон эле алып келем. Кээ бирлери акчаларын көтөрүп келип, сатып алабыз деп кайрылышат. Бирок мен гүлдү эч убакта сатпайм, саткан дагы эмесмин. Жөн гана белекке берип узатам. Гүл музыканы, тынчтыкты сүйөт. Гүлдөрүмө жай, салмактуу музыкалардан коюп берем. Таза, салкын, тынч болгон үйдө гүл жакшы өсөт. Өзүм гүл өстүрүүдөн эргүү алам. Гүл көп өскөн бөлмөгө кирсем кадимкидей эс алып калам. Сыртка чыксам сырттагы гүлдөрдү көрүп дагы сүйүнүп, өзүнчө кыялданып кетем (күлүп). Ар бир гүлдүн өзүнчө керемети жана жыты бар. Үйдө биогумус да өстүрөм. Өсүтүрүп келе жатканыма 3 жылдын жүзү болду. Ал жерди семиртип, гүлдүн топурагын жакшыртат», - деди ал.

Каарманыбыз мындан тышкары үй-бүлөсү жөнүндө айтып берди.

«Жолдошум Эгемберди Шаршеналиев жеке ишкерчилик менен алектенет. Экөөбүз үйдө дүкөн иштетебиз. 1 уул, 4 кызыбыз бар. 2 неберенин чоң ата, чоң энесибиз. Жолдошум менин гүлдөрүмө абдан кызыгат. Дайыма жардам берип, сугарып турат. Көргөн адамдар: "Өзүнчө бир гүлзар бакта жүргөндөй болот экенсиң. Кандай кооз гүлдөр" деп атайын сүрөткө түшүп кетишет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×