Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 16.05.2019 16:52 На русском

Орозо айында айымдарга боёнууга тыюу салынабы? Имам Б.Керезбаевдин жообу

Turmush -  Орозонун ден соолукка пайдасы, анын сообу жана бул айда жасала турган пайдалуу иштер тууралуу Кара-Көл шаарынын имамы Бектен ажы Керезбаев аймактык кабарчыга айтып берди.

Имамдын айтымында, ислам дининдеги 5 парздын бири орозо кармоо болуп саналат.

«Орозо кармоо улуу ибадаттардын бирине кирет. Ислам дининдеги 5 парздын бири — келме келтирүү, экинчиси — 5 маал намаз окуу, үчүнчүсү — орозо кармоо, төртүнчүсү — зекет берүү, бешинчиси — ажылыкка баруу болуп саналат. Орозо айында көп ибадат кылуу керек. Анткени анын сообун жараткан өзү берет. Бул айда жасалган ар бир иш 10 эсе көбөйтүлөт. Мисалы, 1 күндө 5 убак намаз окуса, ал 50 убак намаз окулгандай сооп катары жазылат. Бейиштин 8 эшиги болсо, ошонун бири орозо кармаган адамдар үчүн ачык болот.

Экинчиден бул ай такыбалыктын айы деп аталат. Такыба адамдар арам иштерден оолак болуп, адал иштерди жасоого, мээримдүү, ырайымдуу, берешен, жоомарт болууга аракет кылып, орозо кармашат. Куранда жазылгандай, орозо кармаган адамдын тилеги кабыл болот. Бул айда тозоктун эшиги бекитилет жана шайтандар кишенделип, адамдарды азгыра албай калышат. Эгер адам орозону бардык шарттары менен ушак айтпай, жаман сөз сүйлөбөй кармаса, 1 жылдык күнөөлөрү кечирилет», - деди имам.

WhatsApp Image 2019-05-08 at 11.55.06(2)

Б.Керезбаевдин айтуусунда, орозонун ден соолукка пайдасы өтө чоң.

«Адам ачка болгондо жагымсыз калдыктардан арылып, организм тазаланат. Ашказан кичирейип, майлар сорулуп, ичеги-карындар 30 күндүн ичинде тазаланат. Ар кандай оорулардын алдын алууга шарт түзүлөт. Орозодо өзгөчө кембагал адамдарга мээримдүүлүк пайда болот. Адамдын эс тутуму жакшырып, аз уктап, сергек жашоого үйрөнөт. Эмгекке болгон жөндөмдүүлүгү артып, өзүн жеңил сезип калат», - деди ал.

Имам ошондой эле кадыр түндүн кадыры тууралуу дагы айтты.

«Кадыр кечеси миң айдан жакшы деп айтылат. Кадыр түндү Орозо айынын бир гана 27 түнү эмес үчүнчү 10 күндүктүн так күндөрүндө белгилесе болот. Бул түндө адамдардын күнөөлөрү кечирилет. Ошондуктан бул түндө убактыбызды намаз окуу, куран окуу, зикир чалуу жана дуба кылуу менен өткөргөн оң», - деди ал.

Ошондой эле ал айымдар Орозо айында боёнууга тыюу салынбайбы деген суроону көп беришерин айтат.

«Шариятта аял киши үйүндө отуруп боёнсо же жолдошу үчүн боёнсо болот. Анткени «жолдошуңарга сулуулугуңарды көрсөткүлө» деген аят бар. Аял боёнуп, көчөгө чыкса дурус эмес деп айтылат. Анткени жасанып көчөгө чыкса, коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурушу мүмкүн. Эркектер анын сулуулугуна суктанышат. Бул жерде эркек да, аял дагы көз зына деген күнөөгө батып калышы мүмкүн. Ошондуктан айымдардын жүзү ачык, ал эми бутунан билегине чейинки жерлери жабык болушун абзел. Ал эми Орозо айында айымдар боёнгондо жогорудагы шарттарды эске алуусу керек», - деди Б.Керезбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×