Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.05.2019 15:31 На русском

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү мурунку спецназды сабаган учурдагы видео

Turmush -  Социалдык тармактарда белгисиз адамдын сабалганы тууралуу видео тарады.

Turmush басылмасына өздүк булактар маалымдашкандай, ур-токмокко кабылган адам мурда Жалал-Абад ОИИБдин атайын даярдыктагы отрядында иштеп кеткен Э.М. аттуу кызматкер. Аны уюшкан кылмыштуу топтун кара-дарыялык «Чач», кара-көлдүк «Жон» каймана аттуу мүчөлөрү сабашкан. Видеодон алар: «Жөн жүрбөйсүңөрбү, нерв кылдыңар. Сапарга айтып кой, жөн жүрүшсүн», - деп айтканы угулган.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, видеодогу токмоктолгон адамдын окуясы териштирилип жатат.

«Бул боюнча материал топтолуп, каттоого алынды. Учурда окуя териштирилип жатат. Видеодогу адамдардын өздүгү такталды. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча башка маалымат бере албайбыз», - деп билдиришти.

Эскертүү: Адепсиз сөздөр айтылган

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×