Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусу, Нарын 16.05.2019 15:11

Рейд: Нарында 217 айдоочу жазаланды

Turmush -  Нарын облусунда жол кырсыктарын алдын алуу максатында — «Ылдамдык» аталышындагы рейд өттү. Бул тууралуу Нарын облусу боюнча ЖКККБнын штабынын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыктарынын негизги себептери — унааны жогорку ылдамдыкта айдоо.

Мындан улам Нарын облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан 2019-жылдын 13-майынан 15-майына чейин «Ылдамдык» рейди өткөрүлгөн. Рейд учурунда жол эрежесин бузган 217 айдоочуга протокол түзүлгөн. Алардын арасында унааны катуу ылдамдыкта айдаган 106 жана спирт ичимдигин ичип автоунаа башкарган 2 айдоочу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×