Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусу, Ош 16.05.2019 18:34 На русском

Жолдошбай ата СССРдин эң абройлуу кызматынын полкуна кабыл алынган. Видео

Ветеран ВОВ Жолдошбай Адаев
Ветеран ВОВ Жолдошбай Адаев
// Turmush

Turmush -  Быйыл Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы белгиленди. Улуу Ата Мекендик согушта жана Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун, ошондой эле фашисттер менен Европанын талааларында, шаарларында салгылашкан ардагерлердин аты өчпөйт.

Жолдошбай Адаев — Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Европанын бир катар шаарларында душманды чегинүүгө аргасыз кылгандардын бири. Ал учурда 96 жашта. Ардагерден аймактык кабарчы кабар алды.

Жолдошбай Адаев 1942-жылы Москва шаарына барып, 3 айлык аскердик даярдыктан өткөн. Андан кийин Россиянын Калуга, Орел, Курск шаарларын, жана Украинанын борбору — Киевди душмандардын аскерлеринен бошотууга катышкан. Ал 79-мотоаткычтар полкунда кызмат өтөгөн.

«Мектепти бүтүрүп, он сегиз жашка аяк басып калган кезде, 1942-жылдын сентябрь айында аскерге чакыруу келди. Ал кезде жаш болчубуз. Мен аскерге 1924-жылы туулган балдар менен баргам. Биз курактагы балдарды бир поездге салып, түз эле Москва шаарына жеткиришти. Мен СССРдин ички армиясында кызмат өтөп калдым. Баргандан тартып эле машыга баштадык. Айыл-кыштактардан чогулуп барган балдарбыз да, автомат эмне экенин билчү эмеспиз», - дейт ардагер.

Жолдошбай Адаев Кара деңизден Балтика деңизине чейинки аймакты душмандардан бошотуу согуштарына катышкан.

«Москвада аскердик даярдыктан өткөндөн кийин Калуга шаарына бет алдык. Ал убакта фашисттер Москваны басып алууну көздөп жатышкан экен. Бирок Москванын коргонуусун жарып өтө алышпай, андан ары Сталинградга (азыркы Волгоград) өтүп кетишиптир. Мен Калугадан кийин Орел шаарын бошотууга катыштым.

Россиянын көпчүлүк жери баткак, саз болгондуктан ошол балчыктарды кечип жүрүп согушууга туура келди. Күнү-түнү окопто жатасың. Ал жылдар өтө оор болду десем жаңылышпайм. Кар жааса да, жамгыр жааса да бир жерден кыймылдабай жатчубуз», - дейт ардагер.

Жолдошбай ата Улуу Ата Мекендик согуштан кайтып келгенден кийин 40 жылдан ашуун мектепте дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык сабактарынан мугалим болуп иштеген.

«Биздин полк Москва шаарынын ички коопсуздугун көзөмөлдөгөн полк экен (СССРдин ички иштер боюнча элдик комиссариатына караган полк, НКВД). Биздин бир катар шаарларды душмандардын аскерлеринен бошотуу миссиябыз аягына чыккандан кийин Москвага кайтып келдик. Ал жакта маанилүү объекттерди коргодук, парадга даярдандык. Согуш бүткөндөн кийин дагы 2 жыл кызмат өтөп, анан Кыргызстанга 1947-жылдын август айында кайтып келгем. Келгенден кийин үйлөндүм», - деди ардагер Жолдошбай Адаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×