Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.05.2019 14:31

Эскерүү: Террористтердин унаасын токтоткон жол көзөмөлдөөчү окко учкан

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн өздүк курамы жана жетекчилиги кызмат өтөө учурунда каза болгон кызматкерлерди алардын жубайлары, балдары менен чогуу эскеришип, үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, 15-май — Кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерин эскерүү күнүн утурлай маркумдар эскерилди. Көзү өтүп кеткен кесиптештери башка саамалыктарда дагы эске алынып келет.

Бул бөлүмдө жол көзөмөлдөөчү үч кызматкер жумуш учурунда каза болушкан.

1. Милициянын старшинасы Мамасадык Турсунбаев 2006-жылы Жалал-Абад шаарына кирип келген куралдуу террористтердин огунан 45 жашында каза болгон. Ал оперативдик курамда турган. Тактап айтканда автобекетте жол эрежесин сактабаган «Тико» үлгүсүндөгү унаасын токтотушканда, айдоочу баш ийбей качкан. Унаанын артынан кууп барып, токтотушкан соң алардын өздүгүн тактап жатышканда куралчандар ок чыгарышкан. Окуяда Мамасадык Турсунбаевге ок тийип, мерт кеткен.

2. Милициянын майору Суранчиев Бакытбек 2014-жылы Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүндө иштеп жүрүп, кызмат учурунда каза болгон.

3. Милициянын капитаны Төрөбеков Алтынбек 2019-жылы кызматтык сапарга бара жатып жол кырсыктан каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×