Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуКара-Буура району 16.05.2019 14:54

Айыл турмушу: Кара-бууралык З.Тургумбаева 37 жылдан бери окуучуларга комуз чертүүнү үйрөтүп келет (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылынын 60 жаштагы тургуну Зейнегүл Тургумбаева 37 жылдан бери балдарга музыкалык билим берип, комуз чертүүнү үйрөтүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Калба айылынын кызы.

«Атам комуз чертчү. Анын комуз чертип жүргөнүнө таң калсам дагы үйрөнүп алайын дебептирмин. Ал өзү дагы эч кимден үйрөнбөстөн күүлөрдү тыңшап жүрүп үйрөнгөн экен. Атам «күүнү көкүрөгүңө сактап, жаттап калыш керек» деп айтчу.

Мен ашпозчу болом деп жүрчүмүн. Окууга барганда атамдын иниси мени ырдатып, угуу шыгымды текшерип көргөн. Баарын аткарып бергенде «сен музыкалык чөйрөгө барышың керек» деп, ушул багытка бурган. 1982-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды аяктап, ошол жылдан бери иштеп келе жатам. Өзүмдүн адистигим кыл кыякчы. Айылда кыл кыяк жок болуп, алгачкы эмгек жолумду Кара-Буура районундагы музыкалык мектепте баштагам. Анда «Жылдыз» ансамблин Саламат Садыкова жетектеп иштеп жүрчү. Ал эжелер менен биргеликте Польша мамлекетине чейин барып, талантыбызды көрсөтүп келгенбиз. Кийин 1997-жылы Аманбаев айылына келдик. Райондук музыкалык мектептин филиалы катары музыкалык мектеп ачылды. Кыл кыякка айыл жеринде анча кызыгышпагандыктан комуз гана үйрөтүп келем. Кесибим менен сыймыктанып иштейм. Канчалаган таланттар чыгып жатышат. Айылдык билимкана мектебине чакырышып, ал жакта дагы окуучулар менен иш алып барам. Илгери музыкалык мектептер аралык сынактар болуп турчу. Азыр андай жок, бирок майрамдык иш-чараларда калбай чыгып турабыз. Эмгегим бааланып, бир катар грамоталар менен сыйлангам.

Баланын музыкалык өнөрүн таптаганга ата-эненин дагы ролу чоң. Баланы «комузду каңгыратпай ары барчы» деп койбостон, «балам кайсы күүнү үйрөндүң же кайсы нотаны жаттай алдың?» деп сурап туруш керек. Үйдөн коноктор келсе аларга чертип берчи деп эл менен аралашканды үйрөтүш керек. Ийримге балдарды угуусун, эске тутуусун текшерип көрүп тандап алабыз. Азыр 18 окуучум бар. Жыл сайын 3-5 окуучу бүтүп чыгышат. Кээ бир балдарды окуткуң келет, комуз үчүн жаралгандай балдар бар. 1 жылда 3-4 күү үйрөнүп чыгышат. Кызыккан балдар 20га жакын күүлөрдү чертип калышат. 1-класстан 5 класска чейин окушат. 1-класста чакан күү, обондордон баштайбыз. Айрым ата-энелер кызыгып, форма тиктирип, балдарды колдоп турушат. Окуучуларым Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы 1000 комузчунун катарын толуктап, күү чертип келишкен. Бүтүргөн окуучуларым көп, кээде учурашканда тааныбай калам. Өздөрү баланчамын деп эстетип калышат (күлүп). Окуучулар өздөрү үчүн үйрөнүп алышат. Бирок арасынан борбордо музыкалык мектептерде иштеп кеткендери бар», - деди ал.

Комузчу айым 2 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×