Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.05.2019 13:35

Жалал-Абадда мунайды кайра иштетүүчү заводдо чыккан өрт кырсыгы боюнча 8 факт

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө 10-май күнү саат 09:59да «КУА ЖНПЗ» (кыргыз-өзбек-азербайжан) жоопкерчилиги чектелген коомуна караштуу мунайды кайра иштетүүчү заводдо өрт кырсыгы чыккандыгы туурасында кабар келип түшкөн.

ӨКМ тилсиз жоо менен алпурушуудагы 8 фактыны келтирет.

1. Тартылган техникалар: Өрт жөнүндө кабар келип түшөр замат, саат 10:03тө биринчи өрт өчүрүү бөлүмү чыккан. Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 2 даана «Спринтер» автоунаасы, 14 өрт өчүрүүчү автоунаа (анын ичинде Жалал-Абад аэропортунан 1 бирдик атайын өрт өчүүрүүчү автоунаа, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынан 1 өрт өчүрүүчү автоунаасы жана Кыргыз нефтегаз (Чангыр-Таш) филиалынан 1 өрт өчүрүүчү автоунаа), 1 атайын автошаты, 5 оор жүк ташуучу, 2 автожүктөгүч, 6 суу ташуучу автоунаа, тез жардам кызматынан 2 бригада, электр тармактар ишканасынан 1 бригада келген. Өрт кырсыгын өчүрүүгө жалпысынан 5850 литр көбүктөндүрүүчү суюктук сарпталган. Өрт кырсыгы катталган жерде ыкчам штаб түзүлгөн.

2. Тартылган күчтөр: Өрт кырсыгын өчүрүүгө ӨКМден 182 кызматкер, ИИМден 180 кызматкер, тез жардам кызматынан 15 кызматкер, суу чарба башкармалыгынан 12 кызматкер, электр тармактар ишканасынан 3 кызматкер, Улуттук гвардиянын №704 аскер бөлүгүнөн 60 кызматкер, «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасына 3 кызматкер, «Пертнер-нефть» ишканасынан 20 кызматкер, «Редпетреолиум» ишканасынан 20 кызматкер, «Абий» ЖЧКдан 6 кызматкер, «Аэропорт» ишканасынан 3 кызматкер, «Кочкор-Ата Кыргызнефти» ишканасынан 7 кызматкер, Улуттук Кызыл Ай коомунан 5 кызматкер жана Жалал-Абад шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү кыргыз-өзбек-өзербайжан биргелешкен ЖЧКнын заводунан 30 кызматкер катышкан.

3. Өрттүн очогу: Өрт заводдун резервуарлар паркынын түндүк-чыгыш тарабынан чыккан. Заводдун аймагында 4 даана 2000 метр куб көлөмүндөгү, 4 даана 1000 метр куб көлөмүндөгү жана 15 даана 50 метр куб көлөмүндөгү резервуарлар жайгашкан. Өрт учурунда алардын ичинен 1 даана 1000 метр куб резервуардагы дизелдик күйүүчү май жана заводго караштуу 1 бирдик 40 тонналык күйүүчү май ташуучу унаасы күйүп кеткен.

4. Жабыр тарткандар: Өрттү өчүрүү убагында 2 адам денесинен күйүк алып, тез жардам кызматынын автоунаасы аркылуу Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилген. Алардын бири «КУА ЖНПЗ» ЖЧКнын кызматкери — 1995-жылы туулган Б.Ж. денесинен 45-50% күйүк алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Абалы туруктуу. Экинчиси — ӨКМдин Аксы райондук №30 бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучусу, 1984-жылы туулган сержант О.Ч. денесинен 3-4% күйүк алып, жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгып кеткен.

5. Мунайды кайра иштетүүчү заводундагы өрт коопсуздук мүчүлүштүктөрү:

- Заводдун аймагында 4 даана өрттүк гидрант орнотулуп, өрт учурунда 2 даана гидранттан гана суу алуу иштери жүргүзүлдү. Бирок насостор тиешелүү басымды толук көлөмдө камсыз кыла алган жок.

- Мунай иштетүүчү заводдо АЦ-30 53А үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү автоунаа бар болгону менен оң абалда эмес, тиешелүү деңгээлде камсыздалган эмес жана кароосуз калган абалда болгон. Мындан тышкары тиешелүү өрт-техникалык шаймандар (өрт тактасы, автоматикалык өрттү өчүрүү системасы, өрт өчүрүүчү каражат ж.б.) менен камсыз болгон эмес.

- Өрт өчүрүү учурунда заводдо көбүртүүчү заттын запасы болгон эмес. Заводдо запаста эки эселик көбүртүүчү зат, тактап айтканда 9 тонна көбүртүүчү зат болушу керек эле. Эрежеге ылайык, резервуарлардын тегерегинде жер тосмолору болуусу зарыл. Бул жер тосмолор резервуарлардын ичиндеги күйүүчү-майлоочу каражаттын жакын жайгашкан участокторго жайылып кетишинен коргойт.

Жогоруда көрсөтүлгөн өрт коопсуздук багытындагы талаптар өз убагында аткарылса, өрттү баштапкы этабында өчүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, өрт кыска мөөнөттө өчүрүлмөк жана көлөмү аз болмок. Өрттү өчүрүүгө 14 саат убакыт сарпталган. Өрттү өчүрүү иштерине тартылган өрт өчүрүүчүлөргө, мунайды кайра иштетүүчү заводго жакын жайгашкан тургундардын өмүрүнө коркунуч жаралган.

6. Убактылуу эвакуация: Өрт болгон жерге жакын жайгашкан Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагына караштуу Живпром участкасынын Индустриал көчөсүндөгү 600 үйдөн 2000 кишини коопсуз жайларга көчүрүү иш-чарасы облустук, шаардык көчүрүү комиссиялары, Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүнүн 60 аскер кызматкери менен биргеликте жүргүзүлдү.

7. Өрттү өчүрүү: Өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү участогу аныкталып, ал жакка өздүк курам, техникалар, жетекчилер бөлүнгөн. Өрттүн очогуна көбүк чачылып (пенная атака), ал эми жакын жайгашкан резервуарлар көбүк аралашкан суу менен муздатылып, өрттүн таркап кетишине жол бербөө аракеттери көрүлгөн. Өрт кырсыгы кечки саат 17:25те курчоого алынган. 11-майга караган түнү саат 00:17де өрт толугу менен өчүрүлүп бүткөн.

Өрттүн себебин аныктоо боюнча ӨКМдин өрттү сыноо лабораториясынын эксперттери иш алып барууда. Өрт кырсыгынан келтирилген материалдык чыгымдар азыркы учурда такталып жатат.

8. Өзгөчө кырдаал режими: Жалал-Абад шаарынын аймагында өзгөчө кырдаал тартибин киргизүү боюнча өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу 2019-жылдын 10-майында чыгып, өзгөчө кырдаалдар тартиби 11-май күнү алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×