Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуАраван району 16.05.2019 12:43

Араванда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кирешелүү кут дарагын өстүрүп жатышат (сүрөт)

Кут дарагы
Кут дарагы

Turmush -  Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө атайын долбоордун алкагында бейөкмөт уюмдун жардамы менен 1 гектар жерге отургузуу үчүн 400 түп кут дарагынын тамыры (тез өсүүчү павловния дарагы) берилген. Учурда ал дарактар бүрдөп калды. Бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү кут дарактары кантип өстүрүлүп жатканын жеринен көрүштү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жеңиш айылынын башчысы Адилбек Мурзаевдин айтымында, кут дарагы 1 жылда 3 метр, ал эми 4 жылда 20 метрге чейин өсөт.

«Бейөкмөт уюму уюштурган долбоорго катышып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам иретинде кут дарагынын тамырлары (көчөт эмес) берилген. 1 гектар жерге жалпысынан 400 түп кут дарагы отургузулган. Ал дарактын жалбырагы тоют катары пайдаланылса, дарактын өзүн курулуш материалдарына колдонсо болот»,- дейт А.Мурзаев.

«Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги» коомдук фондунун Ош облусундагы координатору Бүсайра Абдрахманова кут дарагынын уругу Бишкектен 2 сомго, тамыры 350 сомго алынганын билдирди.

«Кут дарагын нымдуу жерде өстүрүп көрдүк. Бир жумада 10 сантиметрге чейин өскөн. Демек айыл жергесинде дагы өстүрсө болот экен», - деди Б.Абдрахманова.

Жеңиш айылында аз камсыз болгон 43 үй-бүлө бейөкмөт уюму уюштурган атайын окуудан өтүшкөн. Учурда отургузулган дарактарды 13 адам карайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×