Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 16.05.2019 12:21

Министр Ж.Бейшенов Балыкчы—Корумду жолунун курулушу бүтпөгөнүнө нааразы болгон тургундар менен жолукту (сүрөт)

Turmush -  Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов, министрликтин алдындагы жол чарба департаментинин башчысы Шабданбек Иманкулов Балыкчы шаарындагы Ж.Аманбаев атындагы көчөдө курулуш иштери бир жылдан бери бүтпөй жаткандыгына нааразы болгон шаар тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ж.Аманбаев айланып өтмө жолу 2015-жылы салынып баштаган Балыкчы—Корумду жолуна кирет. Тактап айтканда, Балыкчы—Корумду жолунун 0-7 чакырымын түзөт.

Жергиликтүү тургундар соцтармактарда жолдун асфальты алынгандан бери автоунаалар өткөн сайын көчө чаңдап, үйлөрүнө чейин кирип жаткандыгын, кир жайып жана башка оокаттарды кылуу, көчөдө басуу, таштак жолдо унаа менен жүрүү кыйын болуп калгандыгын айтып, байма-бай нааразы болуп келишет.

2018-жылы июнь айында аталган жолдун асфальты алынган. Бир жылдан бери жол куруу иши токтоп калганы шаар тургундарын түйшөлтүүдө. Жолугушууда тургундар тумандай болуп чаңдаган абадан дем алуу кыйын болуп, бул жол менен басуу, унаа менен жүрүү мүмкүн болбой калгандыгын, өрүк жана башка мөмө-жемиштер абдан чаңдап жаткандыгын айтышты. Нааразы болгон жашоочулар жол куруу иштери жакынкы арада башталбаса жолду жаба турганын билдиришти.

Жол чарба департаментинин башчысы Ш.Иманкулов 1-июнга чейин иш толук баштала турганын айтты. Ал бүгүнкү күндө кытайлык компания менен кайрадан сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирип, жол курууга өкмөттөн акча каралып жатканын кошумчалады.

«Бул жол республикалык бюджеттин эсебинен салынып жатат. Былтыр эле бүтмөк, бирок Көчмөндөр оюунун өткөрүүгө көп акча каражаты жумшалып кеткендигине байланыштуу токтоп калды. Бизде дагы күнөө бар, жаздан бери кытайлык компания менен сүйлөшүүбүз узарып кетти», - деди Ш.Иманкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×