Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Нарын облусуКочкор району 16.05.2019 12:12

Кочкордо кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкери З.Абдыкеримов эскерилди

Turmush -  Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын кенже лейтенанты Зарылбек Абдыкеримов эскерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 15-майда республиканын аймактарында кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилген.

Маркум Зарылбек Абдыкеримовду эскерүү иш-чарасына Кочкор РИИБдин жетекчиси, милициянын подполковниги Мелис Мырзалиев, ардагерлер кеңеши, райадминистрациянын кызматкерлери жана мектеп окуучулары катышты. Бул күнгө карата ардагерлер кеңеши менен биргеликте окуучулар арасында футбол боюнча мелдеш да уюштурулду. Оюнга 10 курама команда чыгып, И.Арабаев атындагы орто мектеби 1-орунду ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×