Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАраван району 16.05.2019 11:49

Араванда 50 кыз-келин атайын окуудан өтүп, иштеп башташты (сүрөт)

Turmush -  14-май күнү Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Манас айылында жакыр үй-бүлөлөргө бейөкмөт уюмдар тарабынан жардам көрсөтүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Керме-Тоо айыл өкмөтүндө социалдык абалы начар үй-бүлөлөрдөгү 50гө чукул кыз-келин 4 күн бою тигүүчүлүк, ашпозчулук, төшөк көктөө боюнча окушкан. Аталган окуу курстары Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте өткөрүлгөн. Долбоорду Япония мамлекети каржылаган.

Ошондой эле жакыр үй-бүлөлөргө гуманитардык жардамдар көрсөтүлдү.

Араван районундагы №112 кесиптик лицейдин жетекчиси Жамийла Олжабаева долбоордун алкагында кыз-келиндерди окуткандардын бири.

«Япон элине рахмат. Азыр алар төшөк тигип, аны сатып, өз алдынча тиричилик кылып жатышат. Бул абдан жакшы көрүнүш. Алар өздөрү да сүйүнүп калышты. Бирок бизди бөлмө жана техниканын жетишсиздиги бир аз түйшөлтүп жатат», - деди Ж.Олжобаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×