Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.05.2019 11:31

Жалал-Абаддын милициясы акыркы коңгуроого карата жаштарга эскертүү берди

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 25-майдагы акыркы коңгуроо жакындаганына байланыштуу шаардык ички иштер башкармалыгы мэрия жана шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул иш-чарага Баткен окуясынын ардагерлери да катышты. Мектеп окуучуларына апааттын ардагерлери тарабынан атайын тасмалар кѳрсѳтүлдү. Ѳспүрүмдөрдүн патриоттук сезимдерин ойготуу максатында ошол кездеги тарткан кыйынчылыктарын ардагерлер айтып беришти.

Ошондой эле милиция тарабынан ѳз учурунда мамлекеттик корголуучу тарыхый, маданий эстеликти же табигый объектини коомдук адеп-ахлакка доо кетирген жазуулар, сүрѳттѳр же башка ыкма менен булгоо, коомдук жерлердеги мүлктү бузуу фактылары аныкталса аны жасаган адам КРнын Жоруктар жѳнүндѳ кодексинин негизинде жоопко тартылары эскертилди.

Буга чейин Жала-Абад шаарында эс алуу жайларындагы эстеликтерге мектеп окуучулары ар кандай жазууларды жазып кетишкен учурлар болгон. Ѳткѳрүлгѳн чогулуштун натыйжасында мектеп мугалимдери ыктыярчы окуучулар менен биргеликте эстеликтерге жазылган жазууларды ѳчүрүшүп, айлана-тегерегин тазалашты. Бул максаттагы иш-чаралар Жалал-Абад ШИИБдин жашы жете элек ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекциясы тарабынан башка мектептерде дагы улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×