Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуАламүдүн району 16.05.2019 10:48

Кыйнап өлтүрүлгөн Ж.Жусупжановдун өлүмүнүн сыры эки жылдан бери чечиле элек

Turmush -  Ак-талаалык Жылдызбек Жусупжановдун өлүмүнө байланыштуу тергөө иштерине маркумдун туугандары нааразы болууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маркумдун бир тууган эжеси Нурзат Жусупжанованын айтымында, 2 жылдан бери күнөөлүүлөр табылбай, тергөөчүлөр бул ишти жаап салышкан.

«2017-жылдын 12-апрелинде эле соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккан болчу. Бирок Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү 26-апрелге чейин экспертиза чыкпай жатат деп жашырып-жаап, кылмыш ишин бир ай кеч козгошкон. Биринчи май РИИБдин тергөөчүлөрү бизге жакшы мамиле жасашкан жок. Жалган маалыматты берип, иштеп жатабыз деп ишти жаап салышты. Алар ишти жапканда Бишкек ШИИБге, ИИМге, Башкы прокуратурага, президентке, премьер-министрге кат жазганбыз. Эч кандай жыйынтык чыккан жок. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бизге таптакыр башканы айтып, делого таптакыр башканы жазышкан. Биздин оюбузча, булар кылмышкерди таап, бирок ишти жаап-жашырып коюшту. Инимди сөөгүн коердо байкем аны сүрөткө тартып калган болчу.

Кылмышкерлер инимди 27-февралдан 3-мартка чейин аябай кыйнап, колу-бутун талкалашып, анан өлтүрүп, «Кудайберген» базарынын бир чуңкуруна ыргытып жиберишкен», - деди ал.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы: «2017-жылы кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр аныкталбагандыктан кылмышты иликтөө иш-чаралары токтогон. Ишти ачуу үчүн кайра арыз жазса болот», - деп билдиришти.

Буга чейин да маркумдун туугандары тергөө иштерине нааразы болуп, Turmush басылмасына кайрылышкан.

Жылдызбек Жусупжановдун бир тууган агасы Шайлообек Жусупжановдун айтымында, инисинин жансыз денеси 2017-жылдын 5-мартында Бишкектеги унаа тетиктерин сатуучу базардын тушундагы май алмаштыруучу жайдын жанындагы чуңкурдан табылган. Ага чейин Жылдызбек Жусупжанов эжесине каттырып койгон 65 миң сомун 27-февраль күнү алып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

«Маркум иним Жылдызбек Жусупжанов 1989-жылы Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында төрөлгөн. Бул окуя 2017-жылдын 27-февралында болгон. Ал Бишкек шаарында жашап жаткан. Андан мурун 23-февралда ал көк түстөгү «Пассат» үлгүсүндөгү унаасын 65 миң сомго саткан эле. Ал акчаны Махабат эжемдин үйүнө каттырып койгон. Ошол каргашалуу күнү эртең менен иним эжемдин үйүнө келип, «акчамды банкка салам» деп алып кетиптир. Ал мезгилде үйдө жездем, жездемдин иниси болгон. Ошол күнү Сабыр уулу Нурмат аттуу кудабыз экөө Бишкектеги Манас жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинде бозо ичишкен экен. Тергөөчүлөр инимдин телефону Үмөталиев же Манас көчөсүнөн өчкөндүгүн айтышты. Анан биз инимди издеп таппай калдык.

Милиция кызматкерлери инимдин жансыз денесин 5-мартта Дэн Сяопин көчөсүндө базардын тушундагы май алмаштыруучу жайдын атайын казылган чуңкурунан табышкан экен. Ал чуңкур үч айдан бери жөн эле турганын айтышты. Инимди сабап өлтүрүп, ошол чуңкурга таштап кетишиптир. Анын жанында айдоочулук күбөлүгү табылып, ошол боюнча өздүгү аныкталган. Ошентип инимдин сөөгүн өлүк сактоочу жайдан алып кеттик», - деди ал.

Маркум жашап жаткан батиринен чыгып кеткенине 2 ай болгондо өлтүрүлгөн.

«Малаев Урмат кудабыз менен батирге чогуу чыгып кеткен. Алгач «Кудайберген» базары тарапта жашап жүрүштү. Кийин иним Ала-Тоо конушундагы батирде 2 кыз менен жашап жаткан экен. Ошол кыздардын бирөөсү менен сүйлөшүп, үйлөнөм деп жаткан. Өлүкканада сөөгү табылгандан кийин жашаган жерине барсак, кыздар «көптөн бери келбей жаткан, телефону өчүк» дешти. Аларга инимдин өлтүрүлгөнүн айтсак, жаман абалда калышты. Кээде ушул кыздардан да шектенип калабыз. Бирок ага турмушка чыга турчу кыз мындай кадамга барбаса керек деп ойлойбуз. Ушуга чейин шектүүлөр кармала элек. Малаев Урмат кудабыздын ошол күнү туулган күнү болуп, акчасы жок кыйналып жаткан. Иниме акыркы жолуккан адам дагы бир кудабыз Сабыр уулу Нурмат болуп жатат. Андан сурасак бозо ичкенден кийин ал жумушуна, иним өз жолу менен кеткенин айтты», - деди ал.

Ш.Жусупжанов белгилегендей, инисинин өлүмүнө акча себеп болгон.

«Унааны сатып алган киши ага кайра-кайра телефон чалып, тынчын алганын карындашым айтты. Сергек акылга салып, ойлонуп көрсөк анын өлүмүнө акча себеп болду.

Иним 3 жашка чыкканда апамдан айрылганбыз. Ал эми, ал 13 жашка чыкканда атамды жоготтук. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын эң кичүүсү эле. Инимден башкабыздын баарыбыз үй-бүлө курганбыз. Ал ушул күздө үйлөнмөк», - деди ал.

Маркумдун кудасы Урамат Малаев ал унаасын сатып, өзү жоголгонун кийин укканын билдирди.

«Ал менин эң кичүү кудам эле. «Пассат» үлгүсүндөгү унаа айдачу. Ал өзүнчө батирде, мен байкемдин үйүндө жашачумун. Мен аны көптөн бери көрө элек болчумун. Өзүм фирмалардын биринде иштечүмүн. Бир күнү айлык күтүп отуруп, жумуштан кеч чыктым. Үйгө келе жатсам байкем телефон менен сүйлөшүп «ушинтмек» деп ыйлап калды. Эмне болгонун сурасам «Жылдызбекти өлтүрүп кетишиптир, өлүкканада экен» деди. Мен анын каза болгонун ошондо уктум.

27-февраль менин туулган күнүм болчу. Ал күнү фирмага акча алганы бардым. Акчабызды бербей жаткан. Ошол күнү эжесине (жеңем) каттырып койгон акчасын алып кетиптир. Ал убакта мен үйдө эмес болчумун, жумуштан кеч келдим. Үйдө маркум кудамдын эжеси, менин байкем жана алардын баласы болгон. Мен анын жоголгонун, унаасын сатканын кийин уктум», - деди ал.

Каза болгон Ж.Жусупжановго эң акыркы жолуккан Нурмат Сабыр уулунун айтымында, ал күнү экөө 1-2 саат бозо ичип, андан кийин ар ким өз жолу менен кеткен.

«Кудам Жылдызбек мага телефон чалып, экөөбүз Манас жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилишиндеги бозо ичүүчү жерден жолуктук. Саат 16:00-17:00 чамасында сүйлөшүп отуруп, болжол менен саат 18:30-19:00 чамасында кеттик. Ар ким өз жолу менен кеткен. Ошондон кийин көргөн жокмун», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×