Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 16.05.2019 10:32

Караколдо жаңы конуштун тургундары таза суу боюнча мэрияга кайрылышты

Turmush -  Каракол шаарындагы У.Чолпонбаев атындагы жаңы конуштун тургундары таза суу маселеси боюнча мэрияга кайрылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тургундардын айтымында, аталган жаңы конуштун 2 көчөсүнүн жашоочулары акча чогултуп, суу киргизишкен. Бирок жаз келери менен суу улам үзгүлтүккө учурап жатат.

«Жергиликтүү тургундар 300 миң сом чогултуп, таза суу киргизгенбиз. Былтыр бизге жакын жайгашкан Челпек айылынан 10 адамга дагы уруксат берилген экен. Алар кошулгандан бери бизде суу токтоп калууда. Алар бакчасын таза суу менен сугарып жатышыптыр. Былтыр дагы күз мезгилине чейин 6 ай суу өчүп жатты. Мындай абал быйыл дагы кайталанууда», - дешти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×