Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусу, Талас 16.05.2019 11:41 На русском

Елена Бортникова Талас облусундагы мыкты мугалим деп табылды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 15-майда Талас шаарында «Жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы 2019» сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан өткөрүлгөн сынакка облустун 4 районундагы жана 1 шаарындагы тандоо турунан утуп келген мугалимдер катышты. Жыйынтыгында баш байгени Талас шаарындагы Р.Рысакова атындагы мектебинин орус тили жана адабияты сабагын окуткан мугалим Бортникова Елена Викторовна жеңип алды. Аталган мугалимге республикалык сынакка катышууга жолдомо тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×