Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 16.05.2019 09:57

Караколдо 7,7 млн сомго жаңы спорт комплекс курулат

Turmush -  Каракол шаарындагы «Алга» спорт комплекси быйыл жаңыдан курулуп, шаардын 150 жылдык мааракесине карата ишке берилет. Бул тууралуу вице-мэр Сеит Өскөнбаев билдирди.

Анын айтымында, курулушка Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 7 млн 716 миң бөлүндү. Буга чейин спортчулар «Алга» спорт комплекси авариялык абалда экенин айтып, шаардык кеңештен түзүлгөн комиссия аны текшерип чыккан.

Спорт комплексте спорттун шахмат, тогуз коргоол, волейбол, баскетбол өңдүү түрлөрү менен машыгышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×