Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуКочкор району 16.05.2019 11:10 На русском

Жаштыктын жыты кете электе таене жана чоң апа болгон Кочкордогу айымдар. Сүрөт

Turmush -  Эл ичинде «кырк жаш — кызык жаш» деп айтылат. Кырк жашка чыккан айымдардын айрымдары чоң эне же таене болгонго жетишсе, бул куракта жаңы турмуш курган айымдар да бар. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Кочкор районундагы эң жаш чоң эне жана таенелер менен таанышты.

Рахат Сооданбекова 46 жашында таене макамын алган. Небереси Амантур 1 жаштан өттү.

«Баладан да небере ысык болот экен. Амантур кызым Алинанын уулу. Ар дайым сүйлөшүп турам. Өнөрү чыгып, ичимди элжиретип турат», - деди жаш таене.

Рахат Сооданбекова Кочкор айылындагы мектепте башталгыч класстын мугалими.

Асел Чынасылова жаш чоң энелердин катарын толуктайт. Чоң эне деген макамга 47 жашында ээ болгон. Небереси Баел учурда 2 жашта. Балдары жана небереси Бишкек шаарында турат.

«Неберем Баел төрөлгөндө жолдошум экөөбүз аябай толкунданып ыйлаганбыз. Келиним Бишкек шаарында көз жарган. Ал толготуп жатканда жанында боло алган жокмун. Бул жактан таң атканча уктабай, сарсанаа болдум. Бир чети төрөлө элек неберемди элестетип алып, башкача сезимде болгом. Балдарым төрөлгөндө деле сүйүнгөм, бирок баары бир небереде башкача сезим болот экен», - деди Асел Чынасылова.

Фатима Калманбетова да 47 жашында таене макамына ээ болгон. Жээн небереси Даткайымга 5 ай болду.

«Неберем Даткайым төрөлгөндө менин кызым да эне болду деп сүйүнгөм. Азыр телефонумда сүрөттөрдүн көбү эле Даткайымдыкы. Кызым улам бир кылыктарын айтып, сүрөттөрүн жөнөтүп турат», - деп жылмайды Фатима Калманбетова.

Кундуз Алманбетова 41 жашында таене болгон. Неберелери Адилхан 6 жашта болсо, Алихан 5 жашта.

«Өзүм 18 жашымда турмушка чыккам. Кудай ден соолук өмүр берсе, тез эле таене болот экенсиң. Адилхан жана Алихан үйгө келгенде үйдүн ичи базар болуп жыргап калабыз. Аларды эрмектеп, ырдап берчи, муну айтып койчу деп жалынып, ар бир кылыгынан ырахат алып турган учурубуз», - дейт Кундуз Алманбетова.

Кундуз Байтайлакова 41 жашында таене болгон. Небереси Ханайым 3 жаштан өттү.

«Өзүм ашпозчу болгондуктан неберем келгенде ага эң таттуу токочторду жасайм. Ар бир күнү, ар бир кылыгы эсимде өмүр бою калсын деп сүрөткө жана видеого көп тартып алам», - дейт Кундуз Байтайлакова.

Жеңишкүл Кожоева 39 жаш курагында неберелүү болгон. Учурда небереси Эльмир 1 жашка чыгып, чуркап жүргөн убагы.

«Мен эрте турмушка чыккам, кызым Альбина да эрте турмушка чыгып мени неберелүү кылган. Небере деген сонун экен. Неберемдин өнөрлөрүнө тойбой турган учурубуз», - деди Жеңишкүл Кожоева.

Махабат Жапаров 47 жашында чоң эне болгон.

«Келиним менен кошо толготуп, абдан кыйналып сарсанаа болгом. Неберем жарык дүйнөгө келгенде аябай ыйладым. Азыр ширин неберем Айзирек 1 жашка чыкканы турат. Көзүмө жакшы көрүнгөн нерселерди Айзирегиме деп ала берем. Уулум, келиним жана неберем башка облуста болгондуктан Айзиректин видеолорун тез-тезден жөнөтүп тургула дейм. Көрсө небере ысык болот тура», - деди ал.

-------------------------------------------------------------------------------------

Заманбап чоң энелер карьера менен үй-бүлөлүк жашоону бирге алып кетүүдөн тышкары неберелерин дагы тарбиялоого көмөк көрсөтүп келишет. Turmush басылмасынын кабарчысы Ысык-Көлдөгү жаш чоң эне макамына ээ аялдарды тизмектеди.

Айзат Осмонбаева. Ал 42 жашта. Кесиби боюнча стилист-чачтарач. Якутияда иштейт. Анын 1,5 жаштагы небереси бар.

Чолпон Саитова. Ал 41 жашта. Кесиби боюча грим боюнча сүрөтчү. «Кентавр», «Курманжан датка», «Дарак ыры», «Апамды издейм», «Көк бөрү», «Сулайман-Тоо» жана башка тасмаларда иштеген. Ошондой эле телевидение жана театрда эмгектенген. Анын 1 небереси бар.

Гүлнур Баякунова. Ал 45 жашта. Учурда Ысык-Көл райондук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Ал 1 неберенин чоң энеси.

Салтанат Амалбекова. Ал 41 жашта. Жеке ишкерчилик менен алектенет. Бишкек шаарында иштейт жана бир небересин багууга жардам берип келет.

Гүлайым Алиева. Ал 48 жашта. Учурда үй кожойкеси. Анын 7 небереси бар.

Кенже Кененбаева. Ал 50 жашта. Жеке ишкерчилик менен алектенет. Бишкек шаарында жашайт. Анын 5 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×