Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 16.05.2019 09:31 Жаңыланды: 16.05.2019 10:21 На русском

Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен 5-класстын окуучусу ооруканада каза болду (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунда жол кырсыктын кесепетинен 5-класстын окуучусу каза болду. Болжолдуу маалыматка караганда, жол кырсык 15-майда саат 16:30 - 17:00 чамасында Кара-Ой айылында «Тойота» үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда болгон.

Кийинчерээк маалым болгондой, 15-майда саат 16:00 чамасында Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын тез жардам кызматына жол кырсык тууралуу маалымат түшкөн. Териштирүү учурунда саат 15:50 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 74,5-чакырымында, тактап айтканда Кара-Ой айылынын аймагынан жолдон чуркап чыга калган 2007-жылы туулган А.Ы. аттуу баланы унаа сүзүп кеткени аныкталган.

«Тойота Краун» үлгүсүндөгү унааны Жумгал районунун Чаек айылынын 1992-жылы туулган тургуну Ж.М. башкарып бара жаткан. Расмий маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен А.Ы. оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Ал эми жергиликтүү тургундар окуучу окуя болгон жерден эле көз жумганын айтышты.

Ысык-Көл ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери жол кырсык болгон жерге барышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тиешелүү иштерди жүргүздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×