Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Талас облусуКара-Буура району 16.05.2019 09:26 На русском

Эгиздер: Батма менен Зуура мектептен апаларыбыз көп экен деп ыйлап келишкен (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылындагы 12 жаштагы эгиздер Батма жана Зуура Авеновалар апаларынын көптүгүн билишкенде ыйлап келишкен. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Кыздардын апасы Айнагүл айым: Экөө учурда колума кол болуп, жардам берип калган кездери. Кыздарым ар бир кылык-жоруктары менен күлдүрүп турушат. Кичинекей кезинде Батма аябай тынч болчу, уктап жата берчү. Зуура ыйлаак жана бышыгыраак болгон. Чоңойгондо дагы ошол мүнөзү сакталып, Зуура бардык ишке эпчил дагы, Батма кызым жай кыймылдуу. Батма улуу, бирок Зуура эжесиндей мамиле жасап, көп жагдайлардан оңой чыгып кетет. Бүгүнкү күндө дагы «Зуура, сен ыйлаак болгонсуң» десек «жок, Батма ыйлаак болгон» деп ага түртө коёт. Батма «ооба, мен ыйлаак болгон экенмин» деп баарын мойнуна ала берет (күлүп).

Экөө тең 3,5 кг салмакта төрөлүшкөн. Бир тондуулар, окшош. Батма түз жүрүп, өз жумушун жасай берет. Зуура бышыгынан Батманы дагы пайдалана кетет. Зуура болсо «Батма, сабагыңды аткарбайсыңбы», деп калса Батма эсептерди чыгарат. Даярдап бүтүп койгондо, Зуура барып көчүрүп алат. Бирөөсү оң кол, бирөөсү сол колу менен жазат. Зуура сол колу менен сүрөттү жакшы тартат.

Эгиздерим 2007-жылы төрөгөлгөндө «Эне даңкы» медалын алдым. Кичинекейинде мен дагы буларды көп алмаштырчумун. Мектепке бара баштаганда бирөөсүнүн чекесине зелёнка сүйкөп койчумун.

Зуура: Апам кийимдерибизге «З», «Б» деп сайма сайып коёт. Анткени алмаштырып алышат деп ойлойт. Бирок биз белгиси жок эле таап алмакпыз. Дайыма окшош кийинебиз, мага окшош болгон жагат. Окшош кийинмейинче сабакка жөнөбөйбүз.

Жан-жаныбарлардын сүрөттөрүн тартканды жакшы көрөм. Келечекте мугалим болгум келет.

Батма: Эгерде мен башка өңдөгү юбка же кофта кийип алсам, ошол замат алмаштырам. Зуура «мага окшош бол, окшош кийин» деп ыйлап калат (күлүп). Чоңойгондо эгиз эмес, бирок аттары окшош балдарга турмушка чыгабыз (күлүп).

Апасы: Кыздарым төрөлгөндө мендеги сүт жетпей ыйлашкан. Бөлмөдө чогуу жаткан айылдаш эже эмизип жардамдашкан. Ал эже чыгып кеткенде дагы бир мугалим эже эмизген эле. Биринчи эмизген эже «апаңар болом» деп айтып калат. Экинчи эмизген мугалим эже жөнүндө кыздарга такыр айтпаптырмын (күлүп).

Бир күнү кыздарым сабактан келип, «эмнеге мынча апаларыбыз көп?» деп ыйлашкан. Көрсө экинчи эмизген мугалим эжеси кыздарга сабак берип калып, «мен апаңар болом, силерди эмизгем, Зуура сен бышыгыраак болчусуң» деген экен. Өзүнө унчукпастан үйгө келип, «эмнеге айтып койбойсуз, башкалардын бирден эле апасы бар, биздики көп?» деп ыйлашкан (күлүп).

Батма менен Зуура азыркы учурда 5-класста окуп жатат. Үй-бүлөдө 9 бир туугандын бешинчи жана алтынчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×