Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусуАт-Башы району 16.05.2019 08:50 На русском

Айыл турмушу: Кол өнөрчү Тоту Аманазарова апасынын жолун улап, баатыр эне болду

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын тургуну Тоту Аманазарова 8 бала төрөп, баатыр эне аталган. Балдары менен сыймыктанган эне менен аймактык кабарчы таанышты.

Тоту Аманазарова 1958-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылында төрөлгөн. Ата-энеси чабан болгон. Ал мектепти аяктап, Ат-Башы районундагы дүкөнчүнүн 6 айлык окуусун окуган. Ача-Кайыңдыга келин болуп барып, бала бакчада 10 жыл бала багуучу болгон. Советтер союзу тарагандан кийин бош калган.

Учурда анын 6 кызы, 2 уулу, 30 небере жана 2 чөбөрөсү бар. Тоту эженин апасы да 13 бала төрөп, баатыр эне болгон.

«Кичүү балам милиция кызматкери, каралашып келип турат. Балдарды багууда башында кыйынчылык болду. Кимиси ооруп калса ошонусу ысык көрүнүп, ага жалынып-жалбарып жатып айыктырып алчумун. Менин апам Уулкелди Кырбашова 13 баланы төрөп, аларды багып чоңойтуп, эрезеге жеткирди. Азыр ал Ак-Моюн айылында жашап жатат, 80 жашта. Баарыбыз аман-эсенбиз, кудайыма шүгүр. Жолдошум 2015-жылы жүрөк оорусунан каза болуп калды. Күйөөм жалгыз уул болчу», - деди ал.

Тоту Аманазарова жаштайынан кол өнөрчүлүк менен алек.

«Кол өнөрчүлүк менен алекмин. Кыз кезимден бери сайма саям, тактап айтканда 7-класстан баштап ушул иш менен алектенем. Шырдак, кийиз жасап, чий согом, түймө түйөм, ийик ийрип, баарын өз колум менен жасайм. Баш-аягы 50 шырдак жасадым. Кыздарыма сеп берип жатам. Көлдөлөң, нокто жасайм, аркан да эшем», - деди ал.

Анын 3 кызы Москвада, 1 кызы Түркияда эмгектенет. Жакында эле ал Москва шаарына барып, кыздарына жолугуп келди.

«Москвада 3 ай жүрүп келдим. Ал жерде 3 кызым бар. Москвада элге жакшы шарттар түзүлүптүр. Бирок ал жерде иштеген кыргыздарга боорум ооруду. Бизде жумуш болсо, алар Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө салым кошушпайт беле.

Бир кызым кытайлар менен тигүү цехинде, бирөө торт чыгарган жерде иштейт. Бир кызым Түркияда эмгектенет, эмдиги жылы ал Анкара шаарын көрсөтөм деп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×