Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусуӨзгөн району 16.05.2019 18:34

Видео: Ошто өзүн блогермин деп атаган жигит опузалоого шектелип камалды. Окуянын чоо-жайы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Өзүн жарандык активист жана блогер катары тааныштырган жаран опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча Өзгөн райондук сотунун чечими менен 1 айга убактылуу камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бир нече дүкөндүн ээлери камакка алынган Б.К. өзүнүн ютубдагы каналы аркылуу туура эмес маалымат тараткандыктан кардарлардын саны азайып, соодасына олуттуу зыян тийип жатканын айтышкан. 4 жаран укук коргоо кызматына арыз менен кайрылган болчу. Б.К. алардын дүкөнүнөн мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр боюнча видео тартып, аны ютубдагы каналы аркылуу жайылткан. Дүкөндүн ээлеринин айтымында, алар Б.К.дан видеодо айтылгандарды төгүндөөнү суранып кайрылышканда, ал ишкерлерден 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча талап кылган.

Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 1987-жылы туулган тургуну Б.К. ютубдагы «Чындык маалымат KG» деген аталыштагы каналы аркылуу дүкөндөрдөгү мөөнөтү өтүп кеткен товарларды тартып, аларды интернетке жүктөө менен алектенип жүргөн. Ош ОИИБдин маалыматына караганда, Б.К. ютубга 2019-жылы 22-мартта катталган. Ошондон бери ал Өзгөн шаарынын аймагындагы дүкөндөрдү видеого тартып, «азык-түлүктөрдүн мөөнөтү өтүп кеткен» деген доомат менен Өзгөн РИИБге беш жолу чалган. Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда 1 гана жолу мөөнөтү өтүп кеткен товарлар аныкталган. Калган учурларда Б.К. атайын мөөнөтү өтүп кеткен товарларды тийиштүү мекемелерде даярдап койгон жеринен тарткандыгы аныкталган.

Ал ушул жылдын 31-мартында Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан «Турсунбай-Ата» дүкөнүнөн Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө телефон чалып, ал жердеги азык-түлүк товарларынын мөөнөтү өтүп кеткени тууралуу видеону ютубдагы каналына жүктөгөн. Бул окуя боюнча Өзгөн РИИБ тарабынан тиешелүү материалдар топтолуп, дүкөндөгү товарларга текшерүү жүргүзүлүп, Бузуулар жөнүндө кодексинин 150-беренесинин негизинде (Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу) чара көрүү үчүн мөөнөтү өтүп кетти делген товарлар Өзгөн райондук аймактык ооруканасынын санитардык эпидемиологиялык бөлүмүнө жиберилген. Алардын 9-апрелдеги №118 сандуу катынын негизинде дүкөнгө 5000 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Андан тышкары Б.К. 27-апрелде ошол эле Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан «Турсунбай-Ата» дүкөнүнөн Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө чалып, ал жердеги азык-түлүк товарлардын мөөнөтү өтүп кеткендиги тууралуу видеону өзүнүн ютубдагы каналына жүктөгөн. Аталган окуя ошол эле күнү Өзгөн РИИБдин маалыматты каттоо китепчесине катталып, тиешелүү материалдар топтолуп, аталган дүкөнгө текшерүү жүргүзүлгөн. Ошондой эле Бузуулар кодексинин 150-беренесинин негизинде чара көрүү үчүн азык-түлүктөр Өзгөн райондук санитардык эпидемиологиялык бөлүмчөсүнө жиберилип, алардын 30-апрелдеги №170 сандуу катынын негизинде «Турсунбай-Ата» дүкөнүн текшерүү учурунда мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр аныкталган эмес.

Андан кийин 2-майда Б.К. Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан «Руслан» дүкөнүнөн Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө чалып, азык-түлүк товарларынын мөөнөтү өтүп кеткени тууралуу видеону өзүнүн ютубдагы каналына жүктөгөн. Ошондой эле 6-майда Б.К. ошол эле көчөдө жайгашкан «Турсунбай-Ата» дүкөнүнөн Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө чалып, ал жердеги азык-түлүк товарларынын мөөнөтү өтүп кеткени тууралуу видеосун ютубдагы каналына жүктөгөн. Аталган окуя боюнча Өзгон РИИБ тарабынан тиешелүү материалдар топтолуп, дүкөнгө текшерүү жүргүзүлгөн. Андан сырткары эки жаран Б.Кадырбеков оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, аларга кол көтөргөндүгү тууралуу Өзгөн РИИБге арыз менен кайрылышкан. Ошол эле учурда Б.К. бейтааныш эки жигит аны сөккөндүгүн айтып арыз жазган.

Эки тараптын арызы боюнча Өзгөн РИИБ тарабынан тиешелүү материалдар топтолуп, арыздар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ош ОИИБдин маалыматына караганда, учурда Б.К.га Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) жана 203-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иштери козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ал эми Б.К.нын арызы боюнча Жоруктар жөнүндө кодекстин 119-беренесинин (Майда бейбаштык) негизинде сотко чейинки 2 өндүрүш иши башталган.

Ош ОИИБ маалымдагандай, 6-майда «Турсунбай-Ата» дүкөнүнүн алдында бейтааныш жигит Б.К.нын беделине шек келтиргени тууралуу маалымат боюнча Өзгөн РИИБ тарабынан тиешелүү материалар топтолуп, ал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Териштирүү учурунда Б.К.ны сөккөн жигиттин өздүгү аныкталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле 7-майда Өзгөн РИИБдин имаратынын алдында Б.К. Өзгөн шаарынын 1980-жылы туулган тургуну А.Д.ны себепсиз уят сөздөр менен тилдеп, ургандыгы тууралуу маалымат Жазык кодексинин 266-беренесинин (Бейбаштык) негизинде Өзгөн РИИБдин маалыматтарды каттоо китебине катталып, тиешелүү материалар топтолуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ошол эле окуя боюнча Б.К.ны жогоруда аталган А.Д. себепсиз уят сөздөр менен тилдеп, ургандыгы боюнча Жоруктар жөнүндө кодекстин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

11-май күнү Өзгөн райондук сотунунун судьясы тарабынан Б.К. 1 айга, тактап айтканда 8-июнга чейин Ош шаарындагы №25 мекемесине убактылуу камакка алынган.

Б.К.га карата милиция кызматкерлери күч колдонгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×