Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуКара-Буура району 15.05.2019 19:19

Айыл турмушу: Кара-бууралык чебер С.Ниязбекова айылда айымдардын саркеч кийимдерин тигүүдө (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын 41 жаштагы тургуну Салтанат Ниязбекова айымдардын кийимдерин тигип, чеберчилик кылууда. Аймактык кабарчы тигүүчү айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Суулуу-Маймак айылынын кызы. Кийин Аманбаев айылына келин болуп келген. Кесиби боюнча тигүүчү.

«Бул кесипке кайрылып калганым жөн жерден болгон жок. Себеби апам саймачы. Бүгүнкү күндө дагы шумдук саймалардын түрлөрүн сайып алектенет. Өзүм Таластагы №6 орто окуу жайды бүткөм. Алгачкы жолу юбка тиккем, жакшы болуп, көңүлүмө жагып, чындыгында ушул кесиптин ээси экенмин деп тыянакка келгем.

Азыркы кезде айымдардын буйрутмаларын аткарып, өзүмдүн үй-бүлөм үчүн тыйын табам. Кудайга шүгүр, элдин ишеничин актап келе жатам. Бул иш менен алектенип жүргөнүмө 10 жылдан ашып калды. Ортодон 10 жыл шаарда тигилген көйнөктөрдүн сапатын текшерип, технолог болуп иштедим. Үй-бүлөмдү багып, тикмечилик менен алектенем. Ушул айылдагы элдин буйрутмаларын алып иштейм. Кайсы кийимди тигүүгө буйрутма келсе баарын тигип берем. Көбүнчө айымдар үчүн саркеч көйнөктөрдү бычып, кооздоп тигем. Азыр баары кездемеге көңүл буруп калышты. Жакшысын алып келип, ошолордон же өздөрү алып келип көрсөткөн кездемеден тигем. Чоң апалар дагы көйнөктөргө буйрутма беришет. Апам «ушуну менен тыйын табат экенсиң» деп заманбап тигүүчү машине белек кылган. Менин ишимди алга жылдырган ушул машине (күлүп). Айыл ичинен тигүүчү эже деп көп жылдан бери таанышат. Айына 10000 сомдун тегерегинде каражат табам. Бир көйнөктү кандай фасон болбосун 2 саатта бүтөм», - деди ал.

Салтанат айым 2 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×