Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.05.2019 15:16

Караколдо «Сабаттуу бол» акциясы өттү

Turmush -  Каракол шаарында «Сабаттуу бол» акциясына 300 адам катышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Уюштуруучулардын айтымында, акция мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата сабаттуу жазуу жана сүйлөө маданиятын өнүктүрүү максатында өлкө аймагында өткөрүлүп жатат.

Ал эми катышуучулар иш-чаранын мааниси чоң экендигин айтышты.

«Мен мектепте жана жогорку окуу жайында дагы орус тилинде окугам. Бул акцияга өзүмдү сыноо үчүн келдим», - дейт катышуучу Канатбек Желденов.

Акциянын башка катышуучусу Талант Касиев: «Азыр бир сүйлөмдө беш ката кетирген жетекчилер бар. Эл кызматындагы ар бир адам сабаттуу болушу керек. Мындай акция тез-тезден өтсө жакшы болот эле», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×