Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусуКадамжай району 15.05.2019 18:07

Депутаттар менен ишкердин каршылыгы: Кадамжайдагы «Халмион» базарын көчүрүү маселеси 7 жылдан бери уланып келе жатат

Turmush -  Кадамжай районунун Халмион айылындагы мал базар 7 жылдан бери жеке ишкер менен жергиликтүү бийликтин талашында келе жатат. Халмион айылдык кеңештин депутаттары: «Аталган мал базар унаа тыгын пайда кылат» деп аны көчүрүү талабын коюшкан.

«Мал базар Ош—Баткен—Исфана жолунун боюнда жайгашкан. Жума күндөрү базарга келген унаалар жол тыгынын пайда кылат. Соодагерлер, алармандар ар жума сайын унаалары менен келишет. Жолдун эки тарабы тең унааларга толуп, ары-бери өткөндөргө, жөө жүргүнчүлөргө кооптуулук жаралат. Мындан улам мал базарды Кадамжайдагы «Ноогардан» базарына көчүрүүнү талап кылып жатабыз. Бирок жеке ишкер, мал базардын ээси айыл өкмөттүн айтканына баш ийбей жатат», - деди Халмион айылдык кеңешинин төрагасы Улан Матажиев.

Бирок базардын башчысы Умсунай Эркинбаева «Ноогардан» базары башка бир депутатка таандык экендигин айтты.

«Мен бир нече жолу айыл өкмөтүнөн жер берүүнү өтүнгөм. Себеби унаа токтотуу үчүн орун бөлүү керек. Бирок жер берилбей, базарды дагы жеке ишкер иштеткен "Ноогардан" базарына көчүрүүнү талап кылып жатышат. Мен көчүргөн убакта да ал жакка сатуучу же алуучу барбайт. Анткени бул жерде тамак-аш, кийим-кече базарлары да бар. Эл биротоло ушул жерден соода кылып кетишет. Ал "Ноогардан" базары иштебей турат. Ал да ушул айылдык кеңештин депутатына таандык. Ошондуктан жергиликтүү бийлик жеке ишкерлерди эмес, өздөрүнүн кызыкчылыктарын ойлоп жатышат. Мисалы, мен ушул базардан айыл өкмөттүн балансына жыл сайын 1 млн сомдон 1,5 млн сомго чейин каражат түшүрөм. Бул жерге Өзбекстандан, Кыргызстандан соодагерлер келишип, миңдей соодагер эмгектенет», - деди ал.

Ал эми соодагерлер мал базардын көчүрүлүшүнө нааразы.

«Буга чейин бир нече жолу келип, базарды түнкү 3-4тө жаап, бизди "Ноогарданга" баргыла деп кыстап жатышат. Бирок ал жакта соода болбойт. Эл ушул жерге көнгөн. Бул маселе жеке кызыкчылыктардан улам чыгып жатат», - деди соодагер Нургазы Калматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×