Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусу, Ош 15.05.2019 17:57

Видео — Ошто «Сабаттуу бол» акциясына 500дөн ашуун адам катышты

«Сабаттуу бол» акциясы
«Сабаттуу бол» акциясы

Turmush -  Бүгүн, 15-майда Ош шаарында «Сабаттуу бол» республикалык жат жазуу акциясы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган акцияга шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, студенттер жана шаар тургундары катышты. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын аймактардагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Алмагүл Тилекманованын айтымында, Ош шаарындагы акцияга 500дөн ашуун катышуучу келди.

«Бүгүн, 15-майда өлкө боюнча саат 11:00дө мекеме-ишканаларда, билим берүү, саламаттыкты сактоо, укук коргоо тармактарында жана бала бакчанын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда акция өттү. Алар мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча өздөрүн сынап көрүштү. Комиссиянын курамында улуу муундагы агай-эжейлер бар. Жат жазуу ошол комиссия тарабынан текшерилип, "5" деген бааны алган кызматкерлерге атайын сыйлыктар ыйгарылат. Жыйынтыгы 17-майда чыгат», - деди Алмагүл Тилекманова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×