Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусу, Ош 15.05.2019 17:38 На русском

«Террорист өзүн жардырып»: Ошто кызмат учурунда жалпы 30 милиционер каза болгон. Видео

Turmush -  Бүгүн, 15-май күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгында кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Эскерүү иш-чарасына маркум кызматкерлердин жакындары жана милициянын ардагерлери катышты. Иш-чарада каза болгон милиционерлерге багышталып куран окулуп, эстеликтерине гүлчамбар коюлду. Ошондой эле алардын жакындарына белектер тапшырылды.

Ош ОИИБдин жетекчиси Малик Нурдиновдун айтымында, 1991-жылдан бери Ош облусу боюнча жалпысынан 30 милиционер кызмат учурунда каза болгон.

«15-май — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскерүү күнү деп жарыяланган. Мындай иш-чаралар 2015-жылдан бери уланып келет. Каза болгон кызматкерлер ар кандай шарттарда кылмышкерлер менен күрөшүп жүрүп курман болушкан. Мисалы, атайын ыкчам чара көрүү отрядынын кызматкери Сагиев Нурлан террористти кармоо учурунда жанкечти өзүн-өзү жардырып жибергендиктен каза болгон. Айрымдары менен өзүм иштешкем. Алардын бири — Уран Алиев.

Милиция кызматкерлеринин арасында ушундай баатырлар бар экенине сыймыктанабыз. Маркумдардын урматына Уран Алиев атындагы Нариман аймактык милиция бөлүмчөсү ачылган. Курман болгондордун ысымдары көчөлөргө коюлган. Артында калган балдарына 17 жашка чыкканга чейин мамлекет тарабынан жөлөк пул төлөнүп берилет», - деди Малик Нурдинов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×