Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Талас облусуТалас району 15.05.2019 16:06 На русском

Кыргызстандык алптар: М.Аманкулов айылда кайсы үйгө барбасын эшиктен эңкейип кирет (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Сасык-Булак айылынын 42 жаштагы тургуну Мирбек Аманкуловдун боюнун узундугу 195 см болгондуктан айылда кайсы үйгө барбасын эшиктен эңкейип кирет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бир туугандары да узун бойлуу. Бирок алар өзүндөй узун эмес.

«Бала күнүмдөн эле боюм узун. Кудайдын бергени деп билем. Мектепте окуп жүргөндө волейбол ойногонго абдан кызыкчумун. Боюм узун болгондуктан агай мени мектептер арасында өткөн спорттук мелдештерде сөзсүз алып барчу. Ал эми азыр көп деле кызыга бербейм. Жашым өтүп бара жатканынан уламбы, айтор кызыгуум жок. Азыркы учурда айылдар арасында байма-бай волейбол мелдештери өтүп турат. «Биздин айылдын атынан ойноңуз» деп чакырып калышат. Бирок ал мелдештерге дагы барбайм. Ошондон уламбы теңтуштар «узун бойду туура пайдалана албай жатасың» деп айтып калышат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле эшиктерден сөзсүз эңкейип кирерин айтты.

«Туугандардын үйүнө барганда эшиктерден сөзсүз эңкейип кирүүгө туура келет. Анткени көпчүлүк учурда эшиктердин бийиктиги 180-185 см болот. Үйгө кирип бара жатканда дагы тамашалап, «абайла, эшикти сүзүп алба» деп айтып калышат.

Бала күнүмдөн эле ушул узун боюмду чымыр денелүү кылып, күчкө толтуруп жүргөнгө аракет кылам. Азыр дагы көнүгүүлөрдү жасап, штанга көтөрүп калам.

Бир жолу кошуна айылга балдар менен жумуштап барып калдык. Мен үйгө кирип кетип, балдар сыртта күтүп жатышкан. Чыксам эле ал айылдын балдары биздин балдарга туура эмес сөздөрдү айтып, тийишип жатышкан экен. Өзүмдүн жиним көп келбейт, бирок бир жинденсем токтотуу кыйын болуп калат. Ал балдарга айтсак түшүнбөйт, анан айла жок башкача түшүндүрүүгө туура келди. Экөөнү эки колум менен бийик көтөрүп, силкип койсом ошол жердегилер телефонго тартып алышкан экен. Ал видео ушул күнгө чейин эл арасында тарап жүрөт», - деди ал.

Мирбек Аманкулов 1 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×