Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Жалал-Абад облусуЧаткал району 15.05.2019 16:04

Видео: Чаткалда 72 жаштагы карыя дааратканада жашап жатат, - тургундар

Turmush -  Чаткал районунун Шекафтар айылында 72 жаштагы аксакал барар жери жок, мечиттин дааратканасында жашап жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, карыянын бул жерде жашап жатканына 10 күндөн ашты жана абалы оор.

Ал эми Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы Айтыкул Рысбаев аксакал буга чейин Өзбекстанда жашап жүргөнүн жана аны Аксыдагы жакындары кабыл албай койгонун айтты.

«Карыянын Өзбекстандан келгенине көп болуптур. Жанында бир дагы документи жок экен. Биз дагы жеке маалыматтарын издеп таппай койдук. Өзү атын Медет же Рыскул деп эки башка айтып жатат.

Аксы районунда туугандары бар экен. Аларга алып барганыбызда кабыл алуудан баш тартышты. Айла жок, кайра алып келдик. Учурда мечиттин бир бөлмөсүндө жашап жатат. Ал жер даараткана эмес. Айыл өкмөттүн балансында үй жок. Ал эми карылар үйүнө берели десек документи жок болууда. Учурда тамак-ашын кезектешип берип жатабыз», - деди айыл өкмөттүн башчысы А.Рысбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×