Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуАт-Башы району 15.05.2019 14:39 На русском

Классташын аткан адамдан ок жеген милиция кызматкери окуя болгон жерде мерт кеткен

Turmush -  Ат-Башы РИИБде кызмат учурунда курман болгон Токтобек Дүйшөмакунов эскерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эскерүү иш-чарасына Ат-Башы РИИБдин өздүк курамы жана маркумдун жакындары, жубайы Астра Жолоочу кызы катышты. Алгач анын басып өткөн жолу жөнүндө Ат-Башы РИИБдин кадр жана кесиптик даярдык боюнча ага тескөөчүсү, милициянын подполковниги Бактыбек Сыдыгалиев айтып берди. Ошондой эле кесиптештери дагы Токтобек Дүйшөмакуновду эскерип өтүштү. Андан соң маркумдун эстелигине гүлчамбар коюлуп, куран окутулду.

Иш-чара волейбол мелдеши менен улантылды. Ага милиция кызматкерлери катышты.

Кызмат учурунда курман болгон Токтобек Дүйшөмакунов милициянын ага лейтенанты болгон. Ал 1973-жылдын 12-январында Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү, ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясын 2003-жылы сырттан окуп бүтүргөн.

562129.00176e62f51300c8875deec2f271d68c

Ички иштер органдарында 1994-жылдын март айынан тарта эмгектенип баштаган. 1994-1996-жылдары Нарын РИИБ, 1996-2000-жылдары Жумгал РИИБдин кайгуул-күзөт кызматынын милиционери, 2000-2001-жылдары ошол эле бөлүмдүн ага инспектор нөөмөткери, 2001-2002-жылдары Миң-Куш айылдык милиция бөлүмүнүн паспорт бөлүмчөсүнүн башчысы, 2002-2005-жылдары ошол эле бөлүмдө ага инспектор нөөмөткери, 2005-жылдын май айынан баштап Ат-Башы РИИБдин Баш-Кайыңды айылдык милиция бөлүмүндө инспектор болуп иштеген.

2006-жылдын 2-декабрь күнү Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында К.И. классташы Ж.Ж.ны К-28 сайсыз мылтык менен атып, кылмышты жашыруу максатында ошол эле күнү милдетин аткарып жүргөн Ат-Башы РИИБдин Баш-Кайыңды айылдык милиция бөлүмчөсүнүн участкалык инспектору Токтобек Дүйшөмакуновго ок чыгарган. Ал окуя болгон жерде көз жумган. Шектүү кармалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп, райондук сот тарабынан 2007-жылы өмүр бою күчөтүлгөн режимдеги абакка кесилген.

Кызмат учурунда көрсөткөн эрдиги үчүн Т.Дүйшөмакунов каза болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйланды. ИИМдин 2014-жылдын 16-апрелиндеги буйругунун негизинде Баш-Кайыңды айылдык милиция бөлүмчөсүнө милициянын ага лейтенанты Т.Дүйшөмакуновдун аты берилген. Анын артында жубайы, 1 кыз жана 1 уулу калды.

Тема боюнча: Сүрөт: Ат-Башыда кызмат учурунда каза болгон милиционер Т.Дүйшөмакуновдун айкелин тургузушту

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×