Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.05.2019 14:33

Ысык-Көлдө кызмат учурунда каза болгон милиционерлердин үй-бүлөлөрүнө жардам берилди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 15-майда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилик курамы кызмат учурунда каза болгон кызматкерлеринин жаркын элесин туугандары жана өмүрлүк жолдоштору менен бирге эскеришти. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин буйругу менен ушул жылдан тарта ар бир жылдын 15-майы кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерин эскерүү күнү деп белгиленди. Ысык-Көл облусу 1970-жылы кайрадан түзүлгөндөн бери 18 кызматкерин жоготкон. Алар элдин коопсуздугун сактоо кызматында болушуп, куралчан кылмышкерлердин колдорунан каза болушту.

«Бүгүнкү күндө облустун аймагында каза болгон ички иштер органдарынын 17 кызматкеринин үй-бүлөлөрүндө 14 өспүрүм тарбияланууда. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Улан Асанбаев ал үй-бүлөлөргө кам көрүү жана алардын көйгөйлөрүн чечүүдө реалдуу жардам көрсөтүү — башкармалыктын жетекчилиги үчүн ар намыстуулуктун жогорку белгиси болуп саналарын белгилеп кетти. Аларга ар дайым материалдык жардам берилип, тиричилик муктаждыктары ыкчам чечилип келет.

Каза болгон кесиптештердин уул-кыздарын окуу жайларга өтүүгө жана окуп бүткөндөн кийин кызмат менен камсыз кылууга ар дайым тийиштүү жардамдар көрсөтүлүп жүргөндүгүн белгиледи.

Кызмат учурунда каза болгон кесиптештердин ысымы түбөлүккө сакталган «Даңк» мемориалынын алдына гүлчамбарлар жана гүлдөр коюлгандан кийин, алардын үй-бүлөрүнө материалдык жардамдар көрсөтүлүп, көңүл айтылды. Ушундай иш-чара Ысык-Көл облусунун бардык шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө дагы өткөрүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×