Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Талас облусу, Талас 15.05.2019 14:50

Таласта кызмат учурунда каза болгон милиционерлер эскерилди

Turmush -  Бүгүн, 15-майда Талас облусунда кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлеринин жаркын элестерине арналган эскерүү күнү өтүп жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алардын айрымдары жол кырсыктан, кээ бири кылмышкерлердин колунан каза тапкан. Бакай-Ата РИИБдин башчысынын оперативдик иштер боюнча орун басары, милициянын капитаны Ниязалиев Мелис Шаршенович 2006-жылдын 18-октябрында, Талас ШИИБдин милиционер айдоочусу, милициянын кенже сержанты Байсалов Самат Замирбекович 2009-жылдын 11-июнунда кара ниет кылмышкерлердин колунан каза болушкан.

Каза болгон кызматкерлердин тизмеси:

- Милициянын полковниги Абдылдаев Дайырбек Байкабасович;

- Милициянын подполковниги Кудайбердиев Мурзабек Рахманович;

- Милициянын майору Капалов Эшимбек Шүкүрбекович;

- Милициянын майору Шадыканов Жамгырбек Абыкеевич;

- Милициянын капитаны Ниязалиев Мелис Шаршенович;

- Милициянын капитаны Дарданов Мирлан Камалбекович;

- Милициянын капитаны Алымкулов Айдар Бөрүбаевич;

- Милициянын старшинасы Касымбек уулу Рустам;

- Милициянын сержанты Арстанбеков Закир Жакшыбекович;

- Милициянын кенже сержанты Байсалов Самат Замирбекович;

- Милициянын ага сержанты Азанов Анаркул Байызбекович;

- Милициянын капитаны Карымбаев Чыңгыз Ахматбекович;

- Милициянын лейтенанты Абасбеков Бакыт Нурдөөлөтович.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×