Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 15.05.2019 13:57 На русском

Баспаса дагы балалуу болуп, кол күрөштөн чемпион аталган Зиягүлдүн тагдыры (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы Жылуу-Суу айылынын 38 жаштагы тургуну Зиягүл Исмаилова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, кол күрөш боюнча аялдар арасында Кыргызстандын чемпиону аталып, Азия чемпионатына жолдомо алды. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кайрадан бутуна туруу үчүн көп дарыланган, бирок жыйынтык болгон эмес.

«13 жашымда ойноп жүрүп катуу жыгылгам. Ошондон кийин эле ооруп калдым. Көптөгөн дарыгерлерге кайрылдык, так диагноз коё албай коюшту. Ар кандай диагноз менен дарыланып жүрүп, бутума турууга мүмкүн болбой калды. Мындан 6 жыл мурун белгилүү хирург Сабырбек Жумабековго барганымда, ал кайра басууга мүмкүн эмес экенин айткан. Ошентип майыптардын арабасына отуруп калдым.

Дарыгерлер кайра басууга мүмкүн эмес экенин айтканда мен «үй-бүлө куруп, балалуу боло аламбы?» деп сурасам, алар: «Турмушка чыгып, төрөсөң болот, ага ден соолугуң жол берет» деп жооп беришкен. Ошентип кийинчерээк мени түшүнгөн инсанга турмушка чыктым. Экөөбүз эки кыздуу болдук, тилекке каршы улуу кызым бир жашка чыкканда чарчап калды. Азыр кичүү кызым 3 жашка чыкты. Турмушта ар кандай кыйынчылыктар болот экен. Түйшүктүү күндөрдү башымдан өткөрдүм. Алардын баарын сабырдуулук жана ата-энемдин, бир туугандарымдын жардамы менен жеңип келем», - дейт ал.

Зиягүл Исмаилова ар кыл таланттын ээси жана спорт менен дагы активдүү машыгат.

«Мен ырдаганга кызыгам. Көптөгөн фестивалдарга катышып, баш байгеге жана 1-орунга ээ болуп келем. Мындан тышкары спортко дагы өзгөчө көңүл буруп, мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар арасында кол күрөш боюнча мелдештерге катышам. Жакында эле Каракол шаарында өткөн республикалык сынакта 1-орунду алып, Кыргызстандын чемпиону аталдым. Анын жыйынтыгы менен Азия чемпионатына жолдомо алдым», - дейт Зиягүл.

Ошондой эле ал алдына койгон негизги максаттары менен бөлүштү.

«Бир жолу курбуларым менен ресторанга барып калдым. Анан жай музыка башталганда баары бийлеп калышты. Ошондо бир байке келип, унчукпастан эле мени арабадан көтөрүп алып, бийлеп баштады. Ал: «Колуңду сурап, бийге чакырсам тартынмаксың» деп, мени дароо эле көтөрүп алганын айтты. Ошентип музыка бүткүчө вальс бийледик. Бул окуя эсимден такыр кетпейт.

Азыр мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн окуу, тренингдер көп болуп жатат. Таланты болсо дагы ден соолугунун абалына байланыштуу үйдөн чыга албай жаткан кыздар, балдарга стимул болгум келет. Алардын дагы коомго аралашуусун каалайт элем. Алар үчүн түрдүү сынактарды уюштурсам дейм. Ошондой эле ыр жаздырып, клип тартуу планым бар. Мындан тышкары, кызыма татыктуу тарбия берүү менин максаттарымдын бири», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×