Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Талас облусуТалас району 15.05.2019 13:11

Айыл турмушу: Таластагы салыкчы Т.Айткулова үйүндө чеберчилик менен да иштейт (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 51 жаштагы тургуну Толкун Айткулова көп жылдан бери чеберчилик менен алектенип, көрсөтмөлөргө катышып келет. Аймак кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талды-Булак айылынын кызы. Кесиби боюнча эсепчи. 21 жылдан бери Осмонкулов айыл аймагынын салык кызматында эмгектенип келет.

«Кол өнөрчүлүк мага таенемден келген. Бирок таенемди көргөн эмесмин. Апам: «Таенеңдин жолун сен жолдодуң. Ал адам дагы сендей чебер болгон» деп көп айтып калчу. Окуучу кезимде эле куурчактарыма кийим тигип, өзүмө юбкаларды тигип, оюнчук төшөктөрдү жасап, бир жактан бир нерсе көрүп келсем ошону колго ийне менен тигип отурчумун. Анан апам кол машинасына тиккенди үйрөттү. Ошентип кол өнөрчүлүктү улантып кеттим. Кийин турмушка чыкканда элден буйрутма алып, төшөк, жаздыкча, килемче, туш кийиздерди тигип жүрдүм. Акырындык менен көрсөтмөлөргө чыгып, чеберчилигимди такшалтып жүрдүм.

Кайын энем дагы боз үй көтөргөн, шырдак шырып, ала кийиз жасап, туш кийиз токуган аял болгон. Апамдын жасаган боз үйлөрү көп жерлерге тигилип, көп көрсөтмөлөргө коюлган. Мен апама жардам берип жүрүп көп нерсени үйрөндүм. Убагында көтөргөн боз үйүн жана башка буюмдарын мен алып жүрөм. Үйдөн кол өнөрчүлүк менен алектенем. Ар кандай курак төшөктөрүн курайм, килемчелерди тигем, чачык түйөм. Баалары ар кандай болот. Курактар курагына жана кездемелерине жараша сатылат. Килемчелерди 5-6 миң сомго сатам. Туш кийиз, курак тукабасы кардардан болсо 3-4 миң сомго жасап берем. Көрсөтмөлөргө көп чыгам. Сатыла тургандарын сатып, белекке берчүүлөрүн берип келген учурлар да көп болот», - деди ал.

Толкун айым 3 уул, 2 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×