Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусу, Нарын 15.05.2019 11:45 На русском

Нарында кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлери эскерилди

Turmush -  Нарын ОИИБде кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлери эскерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 15-майда өткөн иш-чарага Нарын ОИИБдин башчысы Улан Аалиев, Нарын ОИИБдин өздүк курамы жана кызмат кылуу учурунда курман болгон кызматкерлердин туугандары катышты.

Нарын ОИИБдин башчысы У.Аалиев милиция кызматкерлеринин жумушу оор экендигин баса белгиледи.

«Чынында милиция кызматкерлеринин жумушу оор. Кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер эч качан унутулбайт. Баарыңыздарга кызматтык жактан өсүү, ак ниеттен кызмат өтөөнү каалайм. Үйдөн эртең менен кандай күлүп-жайнап чыксаңар, кечинде дагы ошондой абалда кайтып барууңарды каалайм», - деди У.Аалиев.

Эскерүү күнүнө карата Нарын ОИИБ волейбол жана стол тенниси боюнча мелдеш уюштурду. Учурда жалпысынан 10 команда ат салышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×