Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Чүй облусуЧүй району 15.05.2019 11:15 На русском

22 жаштагы Алибек апасы менен жашабай калган атасын 9 жылдан бери издеп келет

Turmush -  Казакстандагы университетте 4-курста окуган Талант уулу Алибек 2010-жылдан бери атасын издеп келет. Анын айтымында, атасын акыркы жолу Бишкек шаарындагы «Ош» базарынан көргөндөр болгон.

Атасы Мурзабеков Талантбек Саатович 1977-жылы Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Арык айылында төрөлгөн. Орто билимдүү.

WhatsApp Image 2019-05-15 at 10.11.04

«Атам жоголгон кезде мен 13 жашта болчумун. Атам менен апам өз-өзүнчө жашашчу. Мен апамдын жанында калгам. Кичинекей болгондуктан көп нерсени түшүнчү эмесмин. Ошол кезде атам башка аял менен жашап кеткен экен. Бирок мага байма-бай келип турчу. Апам азыр Бишкек шаарында жашайт. Мен Казакстанда билим алам. Учурда окуум боюнча эки айга Москвага келдим.

Атам менен апамдын жалгыз баласы болом. Атамды акыркы жолу 2010-жылы "Ош" базарынан көргөндөр болуптур. Андан бери дайын-дареги жок. Ал Казакстанда болушу мүмкүн деген кеп жүрүп жатат.

Апам экөөбүз атамды издеп кыйналдык. Апамдын сарсанаа болгонун көрүп, мен өзүнчө кайгыра берем. Атамды тапсак, багат элем», - деди ал.

Алибектин айтымында, атасы кара тору, орто бойлуу киши.

Талантбек Мурзабековду көргөндөр 8(915)382-43-58 (WhatsApp) номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×