Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Нарын облусуАт-Башы району 15.05.2019 10:48

«Үч тамга чыкпайт дешти»: Д.Токтобаев жин оорусуна кабылган иниси үчүн ишин таштап, үй-бүлө күткөн эмес

Turmush -  Ат-Башы айылынын тургуну Үсөнбай Токтобаев 30 жылдан бери шизофрения (психикалык оору) дарты менен жабыркап келет. Аны учурда агасы Дүйшөнбай Токтобаев багып жатат.

Үсөнбай Токтобаев 1964-жылы Ат-Башы айылында туулган. Ал мектепте жакшы окуган. Музыкага жакын болгондуктан Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы окуу жайда билим алып, азыркы белгилүү ырчылар менен курсташ болгон. Бирок 2-курста окуп жүргөндө аталган ооруга чалдыккан.

Дарыгерлер шизофрения деген диагноз коюп, 1-топтогу майыптыкка чыгарышкан. Анын агасы Дүйшөнбай Токтобаев кесиби боюнча музыкант, убагында​ ​ «Долон», «Үмүт», «Кыз-Бурак» топторунда эмгектенчү. Бирок бир тууган иниси ооруп калгандыгына байланыштуу тандаган кесибин таштап, убактысынын баарын инисине арнап келет.

«Иним гитараны укмуш ойночу.​ Филармонияда​ А.Иманалиева, Д.Жусаева, Т.Черикчиева менен окуп жүрчү. Бул дартты​ дарыгерлер айыктыра алышпайт экен. Молдолор инимдин оорусу күчөп кеткендигин, эми ичиндеги үч тамга чыкпай тургандыгын билдиришти. Кээ бир дарыгерлер аскерге барган учурда башынан жабыркаган дешкен.​ 30 жылдан бери ооруйт. Студент кезинде, тактап айтканда 20 жашында ооруп калды.​ Үй-бүлөсү, балдары жок. 1-топтогу майып. Негизи мындай адамдарга Акаевдин убагында жакшы жардам болчу. Азыр айыл өкмөттөн көмүр берет,​ 6400​ сом пенсия алат. Андан башка эч нерсе жок. Өзү менен өзү сүйлөшөт, оорусу кармайт.

Өзүмдүн үй-бүлөм жок. Мурда белгилүү ансамблдерде иштедим. Иним үчүн иштебей үйдө отурам. Өзүм ырчымын, кетип калсам деле болмок, бирок карыган ата-апаларыбыздын колуна таштап кетүү мүмкүн эмес болуп калды», - деди ал.

Дүйшөнбай Токтобаев 4 бир тууган: эки эркек, эки кыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×