Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Ош 15.05.2019 10:27

Кыргыз-Өзбек университетинде окууда жана спортто ийгиликке жетишкен студенттер сыйланды (сүрөт)

Сыйлоо аземи
Сыйлоо аземи

Turmush -  Кечээ, 14-май күнү Кыргыз-Өзбек университетинде окууда жана спортто ийгилик жараткан студенттерди сыйлоо аземи өттү.

Университеттин ректору — профессор Чаткалбай Райымбаев куттуктоо сөзүндө студенттерге Кыргыз-Өзбек университетинин атын чыгаруу менен мелдештерде өлкөнүн желегин бийик желбирете берүүнү каалады. Ал окууда жана спортто өздөрүн мыкты көрсөткөн студенттер университеттин жүзү болорун, окуу жайдын каймактары, туткасы экендигин белгиледи.

Сыйлоо аземинде орто кесиптик колледждер арасындагы предметтик олимпиада, аймактар арасындагы программисттердин олимпиадасы, Түштүк регионалдык VIII предметтик олимпиада, Казакстанда өткөн эл аралык олимпиадада, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда окуган студенттердин арасында өткөн универсиадада жана эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды багындырган студенттер сыйланып, иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Окуудагы ийгиликтери үчүн жалпысынан 17 студентке, спорттогу жетишкендиктери үчүн 66 студентке ардак баракча, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×