Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуНарын району 15.05.2019 09:53 На русском

«Атасындай келбеттүү, сүрдүү...»: Туткунда Сталиндин уулу менен бирге болгон Асык атага жасалган кордук

Turmush -  Нарын районундагы Жалгыз-Терек айылынын 98 жаштагы тургуну Асык Өмүралиев атасынан эрте айрылып, апасынын колунда чоңойгон. Ал согуш чыкканда 6-классты жаңы бүткөн бала эле. Ага 1942-жылы күзүндө чакыруу келип, төшөктө жаткан оорукчан энеси ыйлап, баласын кан майданга узатып кала берген.

Алгач Ивановкага барып, согушка даярдыктан өткөн. Горький облусуна, көп узабай Москвага жакын Головно деген шаарчага барып, согушту ушул жерден көргөн. Бирок көп өтпөй туткунга түшкөн.

«Ал каргашалуу күн 1943-жылдын декабрь айы эле. Москва менен Ленинграддын ортосунда түн бир оокумунда ондон ашык кыргыз жигиттерин колго түшүрүшкөн.Түн кирип калган. Бейкапар сүйлөшүп отурганбыз. Чалгынчылар келгенде тилди билбейбиз да, “свои” десе эле өткөрүп коебуз. Бир кезде көзүң жамандыкты көрбөсүн немистер кирип келип, баарыбыздын колубузду артка кайрып айдап жөнөштү. Ал жерден түз эле Латвияга алып барышып, кайыңдарды араалап иштеп жаттык. Ачкалыктын айынан козу карын, ташталган тамак-аштарды жеп күн өткөрдүк. Колго түшкөндөрдүн көбү ооруп өлүп калышты», - деди ал.

Туткунда жүргөндө СССРдин жол башчысы Сталиндин өзүнө окшош келбеттүү, сүрдүү уулу менен бирге болгонун айтып берди.

«Туткунда грузиндер дагы бар эле. Аларды ар кайсы жерге алып барып иштетишиптир. Сталиндин баласы да түшкөн экен. Атасындай келбеттүү, сүрдүү эле», - деди ал.

Асык ата Варшавага барганда келте менен ооруп калып, ажалы жоктугунан эки айда айыгып кетет. Ал жеңишти Прагадан тоскон. Туткундагыларды кийин совет бийлиги Украинага алып барып, танка чыгарган заводдо иштетишкен. 1946-жылы паспорт, аскердик билетин берип, Кыргызстанга жөнөтүшкөн. Айылына келгенде «сен немистерге туткунга түшкөнсүң» дешип Фрунзенин түрмөсүндө бир жыл жаткан. Туткунга түшкөндүгү үчүн күнөөлөнүп, атууга кеткен. Бирок жаштыгы эске алынып, 25 жыл сүргүнгө айдалып, Сүлүктүдөгү түрмөдө шахтада иштеген. Күндөрдүн биринде бирге иштегендерди вагончо (вагонетка) басып калган. Айрымдары каза болушса, калгандары үңкүргө кире качып аман калышкан.

«Сталин каза болгондон кийин туткундагыларды бошотуу тууралуу буйрук чыгып бошотулдук. Ошондо Фрунзеден Нарынга жөө келдим. Апам байкуш тирүү экен. 1954-жылы Гүлбайрага үйлөнүп, кой, уй, төө баккам. Төрт кыз, эки уулдуу болдум. Өкүнүчүм, байбичем балдарынын чайын ичерде эртелеп кетип калып, алтымыш беш жашымда соксоюп жалгыз калдым», - дейт Асык ата.

Учурда кичүү уулу Аксай менен келини Сайрагүлдүн колунда. Былтыртадан бери көзү начарлап калды. Бирок ден соолугу жакшы. Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын чоң кубаныч менен тосту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×