Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусуКочкор району 15.05.2019 08:06 На русском

Сүрөт — Кочкорлук тургун «Аудисин» от алдырганда унаа өрттөнүп кеткен

Өрттөнгөн унаа
Өрттөнгөн унаа

Turmush -  Кочкор районунун тургуну Б.О.нун «Ауди» үлгүсүндөгү унаасы өрттөнүп кетти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Окуя кечээ, 14-май күнү болгон. Б.О. жумушка баруу үчүн унаасын от алдырганда унаанын карбюраторунан өрт чыккан.

«Жумушка баруу үчүн унаамды от алдырып, айдайын деп жаткам. Карбюратордон от чыгып, өрттөнүп кетти. 1 ай мурун карбюраторду алмаштыргам. Өрттөнүп баштаганда оюма эч нерсе келбей калды. Кошунабыз өрт өчүрүүчү кызматкерлерди чакырыптыр. Алар бат эле келип, өчүрүштү. Эч ким жабыркаган жок», - деди Б.О.

Ал унаасын калыбына келтирүү үчүн көп каражат талап кылынгандыктан аны жасатпай турганын билдирди.

«Чыгаша болмоюн киреше болбойт», - дейт унаанын ээси.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 14-май күнү Кочкор районунда унаа өрттөнгөнүн билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×