Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусуӨзгөн району 14.05.2019 18:40 На русском

Өзгөндөгү унаа кырсыктын кесепетинен 62 жаштагы айдоочу каза болду

Turmush -  Кечээ, 13-майда Өзгөн районунда унаа кырсык катталып, 62 жаштагы айдоочу каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, кырсык саат 14:15 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 617-чакырымында, тактап айтканда Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө болгон. Өзгөн районунун 1957-жылы туулган тургуну Э.У. «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып, башкарууну жоготкон. Унаа жолдун четиндеги бетон тосмого урунуп токтогон.

Анын кесепетинен айдоочу оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза болгон. Аталган кырсык боюнча Өзгөн РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×