Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 14.05.2019 16:55 На русском

Кара-Көлдө милициянын ички аскеринин майору өз үйүндө асынып каза болду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 13-майда Кара-Көл шаарында ИИМдин ички аскерлер түзүмүнүн майору өз үйүндө асынып каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Көл шаарындагы №718 аскер бөлүктө кызмат өтөгөн ИИМдин ички аскерлер түзүмүнүн майору, 38 жаштагы К.Т. убактылуу жашап жаткан үйүндө асынып алган.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктап, окуя Кара-Көл ШИИБ тарабынан өзүн асып өлтүрүү болуп катталганын билдирди. Окуянын себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда териштирүү иши жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×