Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусу, Ош 14.05.2019 15:56

Ошто окуучулардын жол киреси кымбаттады

Ош шаары
Ош шаары
// Turmush

Turmush -  Ош шаарында кичи автобустардагы окуучуларга болгон жол киренин акысы жогорулады. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинен билдиришти.

Бүгүн, 14-май күнү окуучулар үчүн жол киренин акысын жогорулатуу боюнча токтомду Ош шаардык кеңешинин депутаттары колдоп беришкен. Ал токтомго ылайык 2020-жылдын 1-январына чейин троллейбус жана автобустарда окуучуларга болгон жол киренин баасы 1 сом боюнча сакталат. Ал эми жеке менчик кичи автобуска отурган окуучулар мындан ары 5 сом төлөшөт. Чоң кишилерге болгон жол киренин баасы өзгөргөн жок.

Буга чейин окуучулар кичи автобустарга 1 сомдон төлөп келишкен.

-----------------------------------

Ушул жылдын 19-февралында Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында окуучулардын жол акысын жогорулатуу боюнча маселе талкууланган.

Жыйында окуучулардын жол акысы муниципалдык унааларга 1 сом, ал эми жеке менчик кичи автобустарга 5 сом болсун деген сунуштар айтылган. Талкуунун жана сунуш-пикирлердин жыйынтыгында муниципалдык транспорт үчүн окуучулардын жол кире акысын өзгөртүү боюнча маселе тармактык комитетте каралмай болгон.

-----------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарындагы окуучулар кичи автобустарга жол кире акысына 1 сом төлөшкөндүктөн айдоочулар айрым учурларда окуучуларды салбай кетип жатышкандыктарын жазган.

Мындан улам жашоочулар окуучулардын жол кире акысын 3 сомго көтөрүп, суукта балдардын көчөдө калуусун алдын алса болорун айтышкан.

Шаар тургундарынын айтымында, кичи автобустарга отурган окуучулар жон баштыктары менен башка жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратат. Ошондуктан айдоочулар окуучуларды унаага салбаганга аракет жасашат. Жол акынын көтөрүлүшү көп балалуу ата-энелер үчүн кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Бирок жол акысынын көбөйүшү менен айдоочу да кайдыгер болбой, балдарды жолдо калтырбай турарын белгилешкен.

Ал эми айдоочулар окуучулардын жол акыга берген 1 сому эмгекти актабай жатканын айтышкан.

Ушул жылдын 15-апрель күнү Ош шаарында дайынсыз болуп жаткан 1-класстын окуучусу табылып, ата-энесине кайтарылып берилген.

Кыздын атасы Куттубек Жунусовдун айтымында, кичинекей кызды бир дагы жүргүнчү ташуучу кичи автобус албай койгондуктан, кызы курбусу менен үйүнө жөө жөнөгөн.

1-класста окуган кыз саат 11:30 чамасында Ош шаарындагы Макаренко мектебинен чыккан бойдон үйүнө барган эмес. Ата-энеси кабатырланып, дос, туугандарына социалдык тармактар аркылуу кабарлашкан. Бирок айрым социалдык тармактарга туура эмес маалыматтар дагы тарап кеткен.

«Үч сааттан кийин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылдым. Тартип сакчылары менен өзүм да кошулуп, шаардын көчөлөрүн кыдырып чыктык. Көрсө кызым мектептен чыгып, Баш-Булакка кетчү кичи автобустарды тоскон экен. Бирок алар албай кеткендиктен, кызым курбусу менен үйгө жөө жөнөптүр. Кызым 1-класста окугандыктан жолду билбей, 7-8 км жөө жүргөндөн кийин бир кишиге адашып калганын билдирген. Ал киши жакын жердеги милиция кызматкерлерине байланышып, алар кыздарыбызды үйгө аман-эсен алып келишти», - деген Куттубек Жунусов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×